«Бай Түшүм» Банкы биринчи эл аралык  EXPO Made in Kyrgyzstan көргөзмөсүнө катышууда

03.06.2016

Эки күнгө созулган масштабдуу иш-чара бүгүн Т. Абдымомунов атындагы  Кыргыз Улуттук драмтеатрында «Өз ишиңди алга сүрөөнүн убагы!» девизи менен ачылды. Бул көргөзмөгө Кыргызстанда ар түрдүү продукцияларды чыгарышкан жана ар кандай тейлөөлөрдү сунуш кылышкан Ата-Мекендик 50дөн ашуун компаниялар катышууда. EXPO көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстанга Швециядан, Япониядан, Казахстандан  делегация келишет жана ал делегацияны  Европалык тышкы саясат кызматынын башкы секретары  Ален ле Руа мырза жетектеп келмекчи.

Бул иш-чаранын уюштуруучуларынын айтуусу боюнча, көргөзмө Ата-Мекендик өндүрүшчүлөр менен түздөн-түз жолугушуунун жана жергиликтүү деңгээл менен катар эле эл аралык деңгээлде да иштиктүү өнөктөштүк мамилелерди  түзүүнүн  бизнес-платформасы  болмокчу.

Көргөзмөнүн негизги максаты – Ата-Мекендик ишканалар үчүн өндүрүштүк кубаттуулуктарды сунуштоо жана алардын продукцияларын алга сүрөө.

Көргөзмөнүн уюштуруучулары – алдыңкы бизнес ассоциацияларынын жана жеке сектордун өкүлдөрүнүн колдоосу менен КРнын экономика министрлиги менен биргеликте КРдагы Америкалык соода палатасы   болушууда. Сиздерди Көргөзмөдөн күтөбүз!