Эскертүү, эскроу эсебин ачуу жана жүргүзүү боюнча тейлөөлөрүн сунуш кылат

02.08.2017

Бай Түшүм» Банкы кыймылдуу, кыймылсыз мүлктү сатуу жана сатып алуу иштери боюнча эсептерди жүргүзүүгө багытталган Эскроу эсептерин – «кепилденген» эсептерин ачуу жана жүргүзүү боюнча тейлөөлөрүн сунуш кылат.

«Бай Түшүм» Банкы кыймылдуу, кыймылсыз мүлктү сатуу жана сатып алуу иштери боюнча эсептерди жүргүзүүгө багытталган Эскроу эсептерин – «кепилденген» эсептерин  ачуу жана жүргүзүү боюнча тейлөөлөрүн сунуш кылат.

Эскроу эсептери сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн өз ара эсептешүүлөрдө толук коргоону камсыз кылат. Бул эсеп кыймылсыз/кыймылдуу мүлктү сатып алуучунун акча каражатын коммерциялык иши аяктаган учурга чейин убактылуу блокко коюп коюуга мүмкүнчүлүк берет. Иштер аяктагандан жана Банкка бекемдөөчү документтерин бергенден кийин, Эскроу эсептери боюнча ээлик кылуу жана башкаруу укугу Сатуучуга өтөт.

Эсеп валютасы: KGS, USD.

 Эскроу эсеби боюнча Тарифтер:

  • Жүргүзүлгөн иштин суммасынан  0,15%, min 1000 сом, max 5000 сом

 Эскроу эсебинин иштөө Схемасы:

  1. Коммерциялык иштеги тараптардын макулдашуусу боюнча Сатып алуучу Эскроу эсебин ачат;
  2. Сатып алуучу эсепке акча которот, Банк аны жумуштар аяктаганга чейин блокко койот;
  3. Эсеп ачылгандан кийин Банк Эскроу эсеби ачылгандыгы жана анда керектүү акча каражатынын бар экендиги тууралуу маалым катты Сатып алуучуга берет;
  4. Сатуучу өкүлчүлүктүү мекемелерден (мам. каттоо, нотариус) коммерциялык ишти каттоодон өткөрөт жана кыймылсыз мүлктүн сатып алуучунун пайдасына катталгандыгын тастыктоочу документтерин Банкка берет;
  5. Мамлекеттик каттоо кызматынан алынган жана Банкка берилген сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде Сатуучу Эскроу эсебин башкарууга жеке укугун алат.