«Бай Түшүм» банкындагы Банкирдин мектебинин Жалал-Абаддагы Экспресс-курсу

13.02.2019

Жалал-Абадда Банкирдин мектебинин экспресс-курсу башталды. Бизге абдан көп резюмелер келип түштү, бирок биз көбүрөөк мотивациялуу болгон 12 талапкерди топко тандап алдык. Курсту аяктаган соң, аларды насыялык бөлүмдөрдөн стажировкадан өтүү жана андан ары ишке орношуп калуу мүмкүнчүлүгү күтүүдө. ?

Банкирдин мектебинин ар бир тобуна тандап алуу учурунда Кыргызстандын бардык аймактарынан көп арыз түшкөндүгүнө байланыштуу, биз Банкирдин мектебинин ишин  Түштүктө эле эмес, бардык аймактык филиалдарда улантууну болжолдоп жатабыз.

Азырынча Жалал-Абаддык балдардын ийгиликтерине көз салып турабыз жана аларга ар тараптан колдоо көрсөтөбүз.