Реконструкциялоонун жана өнүктүрүүнүн Европалык Банкы жана “Бай Түшүм” банкы соода тармагын финансылоо боюнча кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту

01.11.2014

2014-жылдын 20-ноябрында Реконструкциялоонун жана өнүктүрүүнүн Европалык Банкы жана “Бай Түшүм” банкы соода тармагын финансылоо боюнча кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту.

Макулдашуунун алкагында Реконструкциялоонун жана өнүктүрүүнүн Европалык Банкы сырткы соода келишимдерин финансылоого Банкка кепилдик жана Банктын кызматкерлерин соодалык финансылоонун негиздерине окутууда техникалык жардам берет.

Реконсрукциялоонун  жана өнүктүрүүнүн Европалык банкынын Программасы тарабынан ЕБРРдин консультациялык долбооорунун алкагында техникалык жардам жана мындан башка эрте өткөөл экономикада турган Өлкөлөрдүн  Фонду тарабынан каржыланган консультант – Сергей Костогриздин кызматы (2013-жылдын  июль айынан 2014-жылдын ноябрь айына чейин)  көрсөтүлдү. Биргелешкен ийгиликтүү иштин натыйжасында соодалык опрерациялар боюнча нормативдүү база түзүлдү, адистикти жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында Банктын кызматкерлери үчүн окуу семинарлары өткөрүлдү.

 Мындан башка да Банктын жаңы продуктулары менен кардарларды тааныштыруу максатында ачык эшиктер күнү уюштурулду. Бул өз кезегинде ишкер кардарлардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жана тышкы соода келишимдеринин көлөмүнүн өсүшүнө өбөлгө болмокчу.

 Орто жана чакан ишкерликти колдоо багытында  жана максаттуу сегмент үчүн каржылоого жетүүнү кеңейтүү милдеттеринин алкагында “Бай Түшүм” Банкы соодалык финансылоо инструменттерин активдүү колдонуп келе жатат жана кепилдиктер жана аккредитивдер сыяктуу продуктуларын сунуш кылууда.