Дропперлик: банктык маалыматтарыңызды коргоңуз

16.06.2026

Акыркы убакта жарандарды дропперликке тартуу учурлары көбөйүүдө. Бул – банктык карталарды жана эсептерди мыйзамсыз акча которуу, накталай акчага айландыруу жана акчанын келип чыгышын жашыруу үчүн колдонгон алдамчылык схемалар.

Алдамчылар банктык картаңызды колдонууга же картаңызды өз атыңызга ачып, ага болгон мүмкүнчүлүктү аларга өткөрүп берүүгө акчалай сыйлык сунушташы мүмкүн. Мындай схемаларга катышуу олуттуу укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Өзүңүздү кантип коргой аласыз:

  • банктык картаңызды, ПИН-кодуңузду, CVV-кодуңузду жана SMS аркылуу келген бир жолку ырастоо коддорун үчүнчү жактарга бербеңиз;
  • мобилдик банкингдин логинин жана сыр сөзүн эч кимге айтпаңыз;
  • эсебиңизди же картаңызды сый акы үчүн акча которууларда колдонууга байланыштуу сунуштарга макул болбоңуз;
  • шектүү жагдайлар жаралса, дароо Банкка кайрылыңыз.

Кардарларыбызды банктык кызматтарды колдонууда этият жана жоопкерчиликтүү болууга чакырабыз. Коопсуздуктун жөнөкөй эрежелерин сактоо каражаттарыңызды коргоого жана алдамчылык схемаларга аралашып калуудан сактанууга жардам берет.