Орто, чакан бизнести жана айыл-чарбаны өнүктүрүүнүн – артыкчылыктуу багыттары

18.12.2012

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» микрофинансы банкынын башкы менеджери ГҮЛНАРА ШАМШИЕВА, Бей өкмөттүк уюмдун (БӨУ) микрофинансылык уюмга айланганы тууралуу, андан ары – анын Кыргызстандагы келечекте туура көрүүсү менен жана орто жана чакан бизнестерге багыт алган, ошондой эле жамааттык башкаруунун ийгиликтүү тажрыйбасы менен ири микрофинансы банктардын бирине айланганы тууралуу айтып берди.

КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ

– Микрофинансы уюмдун банкка айланган ушул сыяктуу тажрыйбаларды мисал келтире аласызбы?

– КМШ аймагында, бул болсо үчүнчү учур болуп кетет. Монголияда кайсы бир банк ушул сыяктуу пайда болгон. «Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясынан ири микрофинансы банкты өстүрүү идеясы мурун эле жаралган. 2000-жылдары мамлекеттин мурунку саясаты менен муну жасоо көйгөй жаратар эле.

Эскерте кетели, МФУлар акча каражаттарын чет элдик валютада алышса дагы насыяны улуттук валютада берүүгө гана укуктуу болчу. Ошондуктан, валюталарды коммерциялык банктарда алмаштырууга милдеттүү болчубуз. 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин микрофинансы уюмдары «АзияУниверсалБанктагы» жагдайдан улам өздөрүнүн каражаттары жоготуп ала жаздады. Ошондо биз чындап эле олуттуу тобокелге учурадык. Анын жыйынтыгында биз дагы бир жолу банк лицензиясын алууга аракет жасадык.

– А сиздер иштеп жаткан же банкрот болгон жергиликтүү банк, мекемелерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карадыңыздарбы?

– Ооба. Бардык тобокелдерди карап чыктык. Бирок эволюциялык жол менен кетүүнү жана ишке иштеп жаткан же банкрот болгон банктардын аттарын жамынбай эле өзүбүздүн таза аброюбуз менен кирүүнү чечтик.

– Жаралуу процессинде кандай кыйынчылыктарды басып өтүүгө дуушар болдуңуздар?

– Негизинен – биз биринчи болдук. Улуттук банк менен бир нерсе жаратуунун ийгиликтерин жараткан жакшы пикир алышууну жүргүзө алганыбызга кубанычтабыз. Банк лицензияларын алуу башка микрофинансы компанияларына жөнөкөйлөтүлөт деп ишеним кетким келет. Компаниянын кызматкерлерин жаңы ишмердүүлүккө даярдоо баарынан кыйыныраак болду. Биринчиден, биз тейлөө тармагын кеңейтүүдөбүз, ошондуктан адистерге көбүрөөк окуганга туура келди. Экинчиден, бир жылдын ичинде корпорация маданияты дагы өзгөрөт. Үчүнчүдөн, жамаатыбызга көбөйүүгө туура келди, себеби бир жыл мурун биздин 400 кызматкерибиз болсо, азыр – 575 кызматкерибиз бар.

– Өлкөнүн банк секторунда канчанчы орунду алдыңыздар?

– Банк болуп жаралганга чейин микрофинансылык уюмдардын ичинен ири уюмдардын үчилтигине кирчүбүз. Бирок, биздин операцияларыбыздын көлөмүндө бизди тейлөөнү камсыздай алган Кыргызстандын эң чоң беш банктары менен кызматташып иштечүбүз. Азыр банк секторунда «Бай-Түшүм жана Партнерлор» микрофинансы банкы капиталдын көлөмү боюнча бешинчи орунда, активдер, насыя баштыгы жана тартылган каражаттар боюнча – алтынчы орунда турат.

– Өзүңүздөрдүн өндүрүү тилкеси жөнүндө айтып берсеңиз? Ипотека сыяктуу кызматты пландай аласыздарбы?

– Азырынча, кызматтардын стандарын тартуулап жатабыз: насыялар, депозиттер, эсептик-кассалык тейлөө. Насыялардын ичинен айыл-чарбаны, сооданы жана тейлөө кызматтарын өнүктүрүүгө каржылоону, керектеген насыяларды беребиз, ошондой эле ипотеканы жол-жоболоштурабыз.

Финансы министрлиги кызматташып жаткан жана жеңилдетилген насыя тилкесин тартуулаган Өнүктүрүүнүн немец банкы (KFW) менен биз кирешеси төмөн калк үчүн турак жайды насыялоо программасы боюнча өнөктөш компаниялардын болдук. Кийинки жылдарда аймак менен жаңы конуштардын тургундары Кыргызстандагы иштеп жаткан ипотека чегиндеги ченден төмөн болгон пайызда турак жай сатып алуу же аны реконструкциялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот деп ишеним артабыз. «Бай-Түшүм жана Партнерлор» банкынан сырткары программада дагы эки финансы уюмдары катышат. Тобокелдиктерди коммерциялык уюмдар өздөрүнө алышат. Насыялык чен 19 пайыз деңгээлинде болжолдонууда. Бул кымбат экенин биз түшүнөбөз. Бирок, Финансы министрлиги аркылуу өтүп жаткан насыялар, Кыргызстанда жыл сайын орто эсеп менен 10 пайызды түзгөн инфляция деңгээлине байланыштуу болот.

Биздин кызматтарды өнүктүрүүнүн бир багыты болуп насыяларды чет элдик валютада берүү болот. Ошондой эле лизинг боюнча жаңы программаларды киргизебиз.

– Сиздер көбүнчө аймактар менен иштейсиздер. Саясатты өзгөртүү пландалып жатабы?

– Жок. Биз өзүбүздүн аймактарда болгон катышыбызды кеңейтүүнү улантабыз. Административдик чыгымдарды оптималдаштыруу үчүн биз кошумча кеңселерди ачпай эле иштөө үчүн Branch Less Network – системаларын киргизүүнү ниет кылуу бул маанилүү. Банктын адистери алыскы райондорго атайын аппаратура менен (POS-терминалдар сыяктуу) чыга алышат жана бардык операцияларды жүрүзө алышат.

Кызматтарды жеткирүүнүн заманбап каналдарын киргизүүгө биз өзгөчө көңүл бөлүүдөбүз: Branch Less Network системасынан башка, кеп банк карталары, интернет-банкинг жөнүндө болуп жатат. Бул пландар ишке ашыруу процессинде турат. Кызматтар кийинки жылдары биздин кардарлар үчүн жеткиликтүү болот деп ишендирип кетким келет. Мобилдүү банкингдин (келечеги чоң багыттын!) пайда болушу жөнүндө жакынкы эле убакыттын ичинде уюлдук операторлор менен сүйлөшүүлөрдү баштайбыз.

– Компаниянын банк болуп түзүлүүсүндө сиздерге кошумча инвестициялар бөлүнсө керек. Алар эмнелерге бөлүндү жана канча өлчөмдөгү сумма жөнүндө сөз жүрүп жатат?

– Ооба, 2011-жылы өзүбүздүн уставдык капиталыбызды жаңы эл аралык инвесторлордун – Bamboo Finance жана responsAbility (Global Microfinance Fund) катышуулары аркылуу 615 млн. сомго чейин көбөйттүк.

– Азыр сиздердин канча филиалыңыздар менен кеңсеңиздер бар?

– Банк боюнча бардыгы 62 бөлүм иштейт, бирок банк лицензиясын алуу менен бардык кеңселерге кайра каттоодон өтүү керек. Себеби, бүгүнкү күнгө чейин 7 филиал кайра катталган жана каттоо процессинде 27 сактык кассасы катталган. Кошумча дагы 17 ачылат.

Бишкекте башкы кеңсе, шаардык филиал жана борбордун ири базарларында: «Дордойдо», Аламүдүн, Ош жана Орто-Сай базарларында төрт кеңсе жайгашкан. Башка кеңселер, Чоң-Алай менен Тогуз-Тородон сырткары Кыргызстандын бардык аймактарында бар. Бирок республиканын эң алыскы булуң-бурчтарына биздин адистер жеткирүүнүн заманбап каналдарына ээ болуу менен жетет.

НАСЫЯЛОО БИЗНЕСТИН НЕГИЗИ КАТАРЫ

– Эсептик-кассалык тейлөөдөн башка банктар менен кандай деңгээлде кызматташтыңыздар?

– Лицензия алганга чейин биз жөн эле корпоративдик кардарлардан болчубуз. Бирок кызматташуунун маанилүү чүйрөсү болуп, «долларларды сомго айландыруу боюнча» хеджинг операциялары болгон, себеби дагы бир жолу эскерте кетели, МФУ насыяларды улуттук валютада берүүгө гана укуктуу. Ушул өнүм акыркы жылдары сегиз жылдан бери банк секторун эң жашкы «багып» келе жатат.

– Бизнести пасивдүү насыялагандыгы үчүн биздин өзүбүздүн банкттар сындоого туш болушууда. Алар валюталык операцияларды жүргүзүүдө, ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздарды тобокелсиз сатууда жетишээрлик ийгиликтүү ишалып барышат. Ушул себептен улам, МФУ өзүнө – негизги функция катары – орто жана чакан бизнести каржылоону алды деп көпчүлүк белгилешет. Банк болуу менен сиздер бошоп калгандай болбойсуңарбы?

– Жок. Биз өзүбүздүн атыбыздагы «микрофинансы» деген сөзүн калтырып койдук. Тескерисинче, насыя тилкесин биз кеңейтебиз жана каржылоонун жаңы кызматтарын өнүктүрөбүз. 30 миң кардар базасына ээ болуу менен биз муну жасай алабыз. Орто жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү артыкчылыктуу багыттардан болот, себеби – ушул сектордун өзү кыргыз экономикасынын пайдубалы.

Ошондой эле, айыл-чарбасын, кайра иштеткен өндүрүштү активдүү каржылоону улантабыз. Биздин өнүгүүбүздүн дагы бир маанилүү багыты бул – өзүбүздүн ата мекендик ишкерлерге абадай керек болгон лизинг. Биз насыялоону дагы активдүү жана кыйла кызыктырган чендер боюнча жүргүзөбүз деп ишенем, себеби дегенде азыр биз карыз каражаттарын сом менен жана доллар менен берүү мүмкүнчүлүгүн алдык.

– Айтмакчы, насыя чендери жөнүндө… Микрофинансы уюмдары банктарга караганда насыяны кыйла жогорку чен боюнча берери жашыруун эмес. Сиздердин саясат кандайча өзгөрмөкчү?

– «Бай-Түшүм жана Партнерлор» базар принциптерин жетекчиликке аларын биринчи кезекте белгилеп кетейин. Ошондуктан насыя чендери финансы секторундагы кырдаалга жана макроэкономикалык абалга жараша болот. Долларларды сомго алмаштыртуу коммерциялык банктарда бир жыл ичинде болжол менен 10-11 пайызга турат. Андан тышкары, 9 пайызды өлкө тобокелдиги үчүн биз өзүбүздүн кредиторлорго төлөйбүз. Жыйынтыгында микрофинансы компаниясы үчүн насыя ресурстары 19 пайызга турат. Ага административдик чыгымдар кошулат.

Биз көп жылдар бою куруп келген (муну менен биз сыймыктанабыз) натыйжалуу корпоративдик башкаруубуздун негизинде биздин банкта операциялык чыгымдар боюнча көрсөткүчтөр эң жакшы – 10-12 пайыз, ал эми башка уюмдарда ал 20 пайыздан ашат. Жыйынтыгында «Бай-Түшүм жана Партнерлор» банкынын маржасы бир пайызды түзөт. Бирок биз базарда мурунтан иштеп келе жаткандыктан кирешелүү болууга үйрөнгөнбүз.

Насыялар боюнча чендер төмөндөйт, анткени банктарга көз каранды болбойбуз жана акчаны валюта алмаштырууга сарптабайбыз. Андан тышкары, зайымды доллар менен бере алабыз.

– Депозиттерди алуу мүмкүнчүлүгү насыя ченине канчалык таасир бере алат?

– Биздин компания – микрофинансы уюмдардын ичинен депозиттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн алган биринчи жана жападан жалгыз компания болуп саналат. Банк лицензиясын алганын эске алуу менен «Бай-Түшүм жана Партнерлор» депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болду, ишеним көбүрөөк артылат. Ошондуктан, албетте, биз депозиттик базаны көбөйтүүнү эсептеп жатабыз. Бул, сөзсүз насыялар боюнча чендердин төмөндөшүнө таасир берет.

Кыргызстанда насыя ресурстарынын наркы жөнүндө маселе абдан актуалдуу экенин түшүнөм. Бул финансы боюнча сабаттуулуктун, саясий алып сатарлыктын, жөнгө салуу саясатынын көйгөйү. МФУ секторун мурунтан эле тазалоо жана жөнгө салуу керек болчу, бул планда Улуттук банк иштеп баштады. Кыргызстанда кадимки эле сүткорлорго бирөөнүн артынан чен тапканга мүмкүндүк берген микрофинансы секторун жөнгө салууда мыйзамдар өтө эле либералдуу. Бир кумалак бир карын майды чириткенге жол бербөө керек.

 Ийгилик тарыхы

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы АКШ Айыл-чарба департаментинин, эл аралык өнүктүрүү (USAID)боюнча АКШ агенттигинин жана CARITAS кызматташтыгы менен колдоосу боюнча Швейцария агенттигинин колдоосу менен ACDI/VOCA америкалык эл аралык өнүктүрүү уюму тарабынан 2000-жылы уюшулган. 12 жыл иштеген жылдар ичинде уюм, жалпы активдери 100 миллион АКШ доллар өлчөмүндө болгон Кыргыз Республикасындагы ири микрофинансы институттардын бири болду. «Бай-Түшүм жана Партнерлор» микрофинансы банкы бүгүнкү күндө 30 миңден ашык кардарларды тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы эң чоң банктардын алтынчысына кирет.

Маектешкен Динара БОРБУГУЛОВА.