29- декабрда Банктын башкы офисинде депозиттер боюнча акциянын жеңүүчүлөрүн расмий түрдө сыйлоо болуп өттү

04.01.2017

2016-жылдын 29-декабрында саат 14-00дө Банктын башкы офисинде депозиттер боюнча эксклюзивдүү акциянын жеңүүчүлөрүн расмий түрдө сыйлоо болуп өттү.

«Бай Түшүм» Банкынын эксклюзивдүү акциясы 2016-жылдын 15-мартынан тартып, 15-декабрга чейин жүргүзүлгөндүгүн эсиңиздерге салабыз.  Акцияга 380ден ашуун адам катышышты. Топтолгон депозиттин суммасы жана банктык башка да тейлөөлөр боюнча упайлардын максималдуу санын алышкан акциянын катышуучулары  башкы байгенин- батирдин, автоунаанын жана Дубайга эки адамдык саякаттын ээси болушту:

Аталышы Топтолгон упайлардын саны
Бишкек шаарындагы батир 9 805
  Toyota Avensis Автоунаасы 7 966,5
Дубайга

2 адамдык жолдомо

7 921,8, мунун ичинде  2 076 упай  банктык башка тейлөөлөрдү пайдалангандыгы боюнча

Депозитте 50 000 сом жана андан да жогору акча каражатын топтошкон акциянын  65%дан ашуун катышуучулары  кепилденген белектерди- 1 500 сомдон 4 000 сомго чейинки суммадагы тиричилик техникаларына сертификаттарды алышты.

Жыл ичинде акциянын 3 аралык этабынын жыйынтыгы чыгарылды, анын жыйынтыгы боюнча Банктын 18 кардары телевизорлордун, смартфондордун, ноутбуктардын, Ысык-Көлдөгү «Аврора» санаторийине 2 адамдык жолдомонун жана Таиландга эки адамдык саякат жолдомосунун ээлеринен болушту.

 

 

_DSC0756