Россиядан акча которуулар – оңой

21.07.2023

«Бай Түшүм» Банкынын кардарлары үчүн Astrasend жаңы төлөм системасы жеткиликтүү.

Мүмкүнчүлүктөрү:
– Жеке жактар ортосундагы акча которуулар
– Которулган акчаны Банктын каалаган бөлүмүнөн берүү
– Кыргыз сому же орус рубли менен которулган сумманы берүү
– Комиссияны жөнөтүүчү төлөйт

Которулган акчаны кантип алса болот?
Алуучу жөнөтүүчүдөн алган которуу коду жана паспорту менен «Бай Түшүм» Банкынын жакынкы филиалына кайрылуусу керек.