Аялдардын ишкерлик күнү!⁣⁣⠀

25.11.2021

19-ноябрь күнү «Курак» аялдар форуму тарабынан Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнүнө арналган конференция болуп өттү.⁣⁣⠀

⁣⁣Конференцияга өлкөнүн бардык аймактарынан 100дөн ашык ишкер айым чогулду. Алар өздөрүнүн ийгиликтери менен бөлүшүп, бири-бирине колдоо көрсөтүп, аялдардын ишкердиги боюнча өз ойлорун айтышты. Ошондой эле катышуучулар арасында бир нече категориялар боюнча сынак өткөрүлдү.⁣⁣⠀

⁣⁣Журналисттер жана блогерлер арасындагы ишкердиктеги аялдар тууралуу эң мыкты санарип материалы боюнча сынактын калыстар тобунун төрагасы «Бай Түшүм» банкынын башкармалыгынын төрагасы – Ишенбаев Максатбек болду.⁣⁣⠀

⁣⁣Уюштуруучуларга чакыруу үчүн жана мыкты иш-чара үчүн, ошондой эле өз окуялары менен бөлүшүп, көрүүчүлөргө дем берген бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз.⁣⁣⠀

⁣⁣⠀

@forum.kurak⁣⁣⠀

#btb #bankbaitushum