И. Раззаков атындагы КМТУдагы «Карьера жана практика Күнү»

04.03.2019

Биздин кесиптешибиз, персоналдар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Жазгүл Момуналиева И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өткөн «Карьера жана практика Күнүнө» катышты. Студенттер үчүн банк, кадр саясаты, Банкирдин мектеби жана бүтүрүүчүлөр үчүн келечектүү багыттар жөнүндөгү кызыктуу презентация өткөрүлдү.

Студенттерди негизинен биздин банктан практикадан өтүү маселеси жана «Бай Түшүм» банкында ишке кабыл алынуу үчүн кандай практикалык ишке жана билимге ээ болуу керектиги жөнүндө маалыматтар кызыктырды.

Дискуссия  абдан жандуу өттү. Бул иш-чаранын аягында Жазгүл Момуналиева студенттерди жай мезгилинин башталышына белгиленген Банкирдин мектебинин кийинки агымына катышууга чакырды.