«Бай-Тушум жана Партнерлор» Микрофинансы банкы CONTACT Төлөм системасына туташты

26.03.2013

Бай-Тушум жана Партнерлор» Микрофинансы банкы 2013-жылдын мартында CONTACT Төлөм системасына туташты. CONTACTтын жардамы менен Банктын кардарлары КМШ, Прибалтика өлкөлөрүнө, Грузия жана башка өлкөлөргө 100дөн ашык алыскы чет өлкөлөргө эсеп ачпастан акча которууларды жүргүзө алышат.

Которууну жүргүзүү үчүн тарифтер, багытына, валютанын түрүнө жана суммасына жараша, 0,75%дан 3% чейин түзүлгөн. Дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүнөн накталай же Европанын, АКШнын, Индиянын жана Түркиянын каалаган банкында ачылган эсепке которуу жолу менен акча которууларды төлөп берүүнүн ар кандай формалары каралган. CONTACT акча которууларын акча которууну жөнөтүү учурунда көрсөтүлгөн өлкөнүн территориясындагы системанын каалаган пунктунан алууга болот.

Кыргызстанда CONTACT системасын өнүктүрүү максатында, БТ МФ CONTACT менен бирге «CONTACT боюнча ийгиликтүү акча которуу – 33% арзан» акциясын өткөрүп жатат, бул акция акча которууну Абхазияга, Азербайжанга, Арменияга, Беларусияга, Грузияга, Казахстанга, Кыргызстанга, Литвага, Латвияга, Молдовага, Россияга, Тажикистанга, Өзбекстанга, Украинага, Эстонияга, Түштүк Осетияга жөнөтүү учурунда жүргүзүлөт. Акция 2013-жылдын 22-мартынан тартып 30-июнуна чейин жүргүзүлөт.

Акциянын жүрүшүндөгү мезгилдин ичинде жөнөтүүчүдөн кармала турган комиссия:

• эгерде, которуунун суммасы 175 000 РФнын рублинен же 4950 АКШ долларынан/евродон төмөн болсо, которуунун суммасынан 1% түзөт;

• эгерде, которуунун суммасы 4 950 АКШ долларына/еврого барабар же андан жогору болсо, которуунун суммасынан 50 АКШ долларын/еврону түзөт;

• эгерде, которуунун суммасы 175 000 РФнын рублине барабар же андан жогору болсо, которуунун суммасынан 1 750 РФнын рублин түзөт;

Маалымат үчүн:

CONTACT төлөм системасы 1999-жылдан тартып иштейт, 0001 номери менен РФнын ББнын төлөм системаларынын операторлорунун бирдиктүү реестринде катталган. Анын негиздөөчүсү болуп, «РУССЛАВБАНК» АКБ (ЖАК) болуп саналат, ал Система үчүн эсептешүү, клирингдик төлөмдөр жана операциялык төлөмдөр борборлорунун функцияларын аткарат. CONTACT системасы акча которуулардын улуттук рыногун түзүүнүн негиздерин курду жана азыркы учурда Россияда жана жакынкы чет өлкөлөрдө төлөм-которуу кызматтарынын рынокторунун лидерлеринин бири болуп саналат. CONTACTтын өнөктөштөрү болуп, Россиянын жана дүйнөнүн 900дөн ашык финансылык институттары болуп саналат, алар 110дон ашык өлкөлөрдө, 270 000ден ашык түйүндөрү – тейлөө пункттарынын жайылган торун түзүшөт. CONTACT системасы, 850дөн ашык юридикалык жактардын – коммерциялык банктардын, соода ишканаларынын, камсыздандыруу жана туристтик компаниялардын жана алардын агенттеринин, интернет-провайдерлердин, байланыш операторлорунун жана башкалардын дарегине төлөмдөрдү жүргүзөт. Системанын кызматтары менен дүйнө жүзү боюнча миллиондогон кардарлар колдонушат. CONTACT системасы, 2011- жана 2012-жылдары «Акча которуулар» категориясында «Россияда №1-Марка» деп аталган жалпы россиялык конкурстун жеңүүчүсү, ошондой эле бизнес тармагында «2012-жылдын Компаниясы» деген Улуттук сыйлыктын лауреаты болуп саналат.