Жаңы эл аралык инвесторлордун кириши аркылуу «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК уставдык капиталын 615 млн. сомго чейин көбөйттү

15.08.2011

Институционалдуу потенциалды күчөтүүнүн чегинде, ошондой эле андан ары өсүүнү колдоо максатында  «Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы жаңы эл аралык инвесторлордун:  BlueOchard S.C.A. Жеке Инвестициялык Фондунун жана Credit Suisse ResponsAbility Social Investments AG  Микрофинансылык Фонду Компаниясынын Иш Башкаруучусунун кириши аркылуу өзүнүн уставдык капиталын  615 млн. сомго чейин жогорулатты.Уставдык капиталдын жогорулашы, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» микрофинансы компаниясынын микрофинансы банкка айлануусу боюнча башкы стратегиялык маселелердин бирөөнү иштетүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле өзүнүн рыноктук позициясын бекемдөө менен өзүнүн динамикалык өнүгүүсүн улантууга мүмкүндүк берет.

«Компаниянын капиталына жаңы эл аралык инвесторлордун кириши менен биз уставдык капиталды гана жогорулатпастан, ошондой эле банктык иште жана социалдык финансылоодо жогорку квалификациялуу эксперттердин бизге керектүү эл аралык тажрыйбаларды алабыз деп биз ишенебиз. Биздин эл аралык ивесторлордун тажрыйбасы мындан ары биздин аймактарда микро ишкердиктерди өнүктүрүүдө, ошондой эле айыл жерлеринде жумуш орундарын түзүүгө орчундуу салымын кошот деп ишенебиз» – деп белгиледи «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКнын Башкы менеджери Гульнара Шамшиева.

ACDI/VOCA америкалык НПО тарабынан жүргүзүлгөн, «Food  for Progress» монетизациялоо программасынын чегинде эл аралык долбоор катары 1997-жылы өзүнүн иш-аракеттерин баштоо менен микрокредиттер рыногунда «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК 2000-жылдан тартып иштеп келе жатат.  Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы микрофинансылык сектордун лидерлеринин бири болуп саналат жана өлкөнүн үч ири микрофинансылык уюмдарынын арасына ишенимдүү кирет. Компаниянын өнөктөштөрүнүн арасында: Эл аралык Финансылык Корпорациясы (IFC), USAID, Европанын Реконструкциялоо жана Өнүгүү Банкы, GIZ,  Blue Orchard S.A.,  Symbiotics S.A, Oiko Credit, Triple Jump, Developing World Market, Frontiers, Global Microfinance Facility, Hivos Triodos Investment  жана башкалар. «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК миссиясы – бул жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшкөн жана өзүнүн кардарларынын жана инвесторлорунун кызыкчылыктарына жооп бере турган, айыл жана шаар жерлеринде адамдар жете ала турган микрофинансылык тейлөө кызматтарын көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө салымын кошкон ишенимдүү финансылык партнер болуп саналат.

Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы рыноктун 22% ашык үлүшүн камтуу менен өлкөнүн үч ири микрофинансылык уюмдарынын арасына кирген, ишенимдүү жана туруктуу өсүп келе жаткан компания болуп саналат. 2011-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча Компаниянын насыялык портфелинин көлөмү 2,4 млрд. сомдон ашыгын түзүү менен  36,4% көбөйдү, кардарлардын саны 35 миң адамга жетти. Акыркы жети айдын ичинде Компания өзүнүн насыялык портфелин орчундуу түрдө өстүрүүгө жана кардардык базасын жогорулатууга, аны менен бирге микрокредиттөө рыногунда өзүнүн атаандаштык позициясын тастыктоо менен  жетишти.

Люксембургда катталган, BlueOrchard S.C.A Жеке Инвестициялык Фонду, бүткүл дүйнө жүзү боюнча алдыңкы микрофинансылык уюмдар менен кызматташат. «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК менен 2003-жылдан бери иштейт. Фонддун миссиясы,  бүткүл дүйнө жүзү боюнча ресурстарга чек коюлуу менен жете ала турган адамдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдөн жана турмуштун сапатын жогорулатуудан турат.  Фонддун философиясы, экономикалык өнүгүүнүн жана кедейликти жоюунун маанилүү куралы болуп саналат.  Ошентип,  калкты ишке орноштуруу, ошондой эле кирешени генерировать этүүнү камсыз кылууга көмөктөшүү максатында BlueOrchard микрофинансылоого инвестициялайт.

Люксембургда катталган жана Бүткүл дүйнөлүк ResponsAbility Микрофинансылык Фондунун кызыкчылыктарында иш алып баруучу Credit Suisse ResponsAbility Social Investments AG Микрофинансылык Фонду Компаниясынын Иш башкаруучусу, өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн өнүгүп жаткан рынокторунда социалдык активдерди башкаруу боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат.