«Бай Түшүм» Банкы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды майыптардын эл аралык Күнү менен куттуктады

02.12.2015

3-декабрда бүткүл дүйнөдө майыптардын эл аралык Күнүн белгилешет. Бул күн колдоого жана жардамга муктаж болгон адамдардын тагдырына кайдыгер карай албагандардын бардыгын бириктирип турат. Бул майрамдын урматына «Бай Түшүм» Банкы салтка айланган кайрымдуулук акциясын уюштурду.

Балдар үйлөрүнө, реабилитациялык борборлорго, майыптардын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк, жууп-тазалоочу каражаттар, китеп жана канцелярдык товарлар алынып берилди. Буга кошумча, Банктын кызматкерлери тарабынан чогултулган ар кандай кийим-кечелер балдар үйлөрүнө тапшырылды.

Реабилитациялык борбордун тарбиялануучулары жана Бишкек мериясынын алдындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Банктын кызматкерлери клоундор катышкан майрамдык шоуну уюштурушуп, ар кандай таттуулуктар менен чай ичишип, белектерди тапшырууну да унутушкан жок.

«Бай Түшүм» Банкы мамлекет жана башка уюмдар тарабынан жетиштүү түрдө колдоо көрсөтүлбөй калган, жардамга өтө муктаж болгон адамдарга туруктуу негизде жардам көрсөтүп келет. Акыркы беш жылдын аралыгында эле Банк балдарга жана балдар үйлөрүнө, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулук жана демөөрчүлүк жардам көрсөттү, аймактардын экономикалык кубаттуулугун көтөрүүгө өбөлгө түзө турган 7 социалдык маанилүү долбоорду ийгиликтүү каржылады. Ушул багытка жумшалып жаткан каражаттын жалпы суммасы акыркы беш жылдын аралыгында эле 11 млн. сомду түздү. Бул көрсөткүч Банк үчүн чек эмес, кайрымдуулук багытында демөөрчүлүк жардамдар мындан ары да көрсөтүлө бермекчи.