«Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы Эл аралык Балдарды коргоо күнүнүн урматына, бүткүл Республика боюнча балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернаттарда кайрымдуулук акцияларын өткөрүштү

01.06.2012

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата 29-майдан 1-июнга чейин, жалпы Кыргызстан боюнча жыл сайын өткөрүлүп туруучу кайрымдуулук иш-чараларын уюштурду. Акциянын алкагына 450дөн ашык социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдар тартылды.Чүй облусунда Компания тарабынан Киргшелк айылындагы 47 бала жашап жаткан «Келечек» балдар үйүнө жардам көрсөтүлдү. Аталган балдар үйүнүн тарбиялануучулары «Балдар чыгармачылыгынын өнөрканасы» аттуу долбоорго катышып, ал жерден бий бийлегенди үйрөнүшөт. Андыктан балдар үйүнүн жетекчилиги менен биргеликте, балдардын чыгармачылыгын андан ары өнүктүрүү максатында жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө керектүү музыкалык жабдуулар менен камсыздоону чечтик – белгиледи «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы компаниясы жабык Акционердик коомунун Башкы менеджери Гулнара Шамшиева. Балдар жана чыгармачылык – бул өз ара ажырагыс түшүнүк. Кандай гана бала болбосун табигый туюм менен назиктикке, кооздукка умтулат. Андыктан ушул белектердин жардамы менен балдар үйүндөгү тарбиялануучулардын талантын өнүктүрүүгө умтулуп жатабыз. Себеби бий өнөрү – балдардын музыкалык жөндөмүн өстүрүп, эстетикалык табитин өнүктүрүүгө тарбиялайт. Ошондой эле, балдардын ден-соолугуна жана дене тарбиясына оң таасир этет – деп белгиледи  Башкы менеджер.

Иш-чаранын жүрүшүндө Компания тарабынан балдар үчүн атайын концерт уюштурулган. Анын катышуучуларын бардыгы бири да куру калбастан белек алышты. Ар бир балага таттуу даамдар жана мектеп окуу куралдары тартууланды.

Ошондой эле колдоо Токмок шаарындагы адистешкен балдар үйүнө да көрсөтүлдү. Иш-чаранын алкагында Компания аларды зарыл болгон азык-түлүк жана жуугуч каражаттар менен камсыздады. Ал эми 2012-жылдын 29-май күнү, Компания тарабынан Кочкор районунун Чолпон айылындагы балдар үйүндө, жетим жана мүмкүмчүлүгү чектелген балдарга атайын акция өткөрүлдү. Мектеп директорунун айтымында бул жерде жашаган тарбиялануучуларга мурда эч кандай кайрымдуулук жардамдары көрсөтүлбөй келген.  Андыктан Компания балдар үйүнө DVD ойноткучу менен телевизор, атайын тору менен волейбол тобун жана спорттук кийимдерди тартуулады. Кубанычы койнуна батпаган балдар мындан тышкары шахмат, шашка, таттуу даам жана жер-жемиштерди белекке алышты.

Ушул эле акциянын алкагында Компания Ош облусунун Кашкар-Кыштак айылындагы көзү чала көргөн жана кулагы начар уккан балдардын мектеп интернатына, Баткен облусундагы кургак учукка каршы күрөшүү облустук борборунун балдар бөлүмүнө, Жалал-Абаддагы психоневрологиялык мектеп интернатына ар түрдүү жардамдарды берди. Ошондой эле Ысык-Көл облусундагы «Мээрим булагы» балдар үйүнө жана Талас облусундагы  мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Покровка калыбына келтирүү балдар үйүнө да Компания тарабынан керектүү колдоолор көрсөтүлдү.

Компания туралуу:

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы компаниясы жабык Акционердик коому микрокредит рыногунда 11 жылдан бери ийгиликтүү иштеп келет жана учурда туруктуу өнүгүп жаткан Компания катары белгилүү. Ошондой эле компания өлкөдөгү микрокредит рыногунун 20% камтыган ири микрофинансылык уюмдун үчилтигине кирет. Компания кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн алкагында, социалдык колдоого абдан муктаж мекемелерге жана калктын колдоого муктаж аялуу катмарына Нооруз, Балдарды коргоо жана Улуу Жеңиш күндөрү, Курман Айт, Орозо Айт сыяктуу маанилүү майрамдарда туруктуу колдоо көрсөтүп келет. Ошондой эле, Компания тарабынан өлкө аймактарындагы учурда каржылоо тартыш болуп жаткан социалдык мекемелерине өзгөчө көңүл бурулат.