Мөөнөтүн узартуу жөнүндө “мөөнөтсүз” деген белгиси бар 1994-жылдагы үлгүдөгү паспорттор банкка кайрылган учурда 1-апрелден баштап жараксыз деп эсептелет

02.03.2017

Урматтуу кардарлар,

КРнын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 598 Токтомуна ылайык, колдонуу мезгилин узартуу жөнүндө “мезгилсиз” деген белгиси бар 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттор 2017-жылдын 31-мартына чейин гана колдонулат. Ошондуктан, 2017-жылдын 1-апрелинен баштап бул паспорттор юридикалык күчүн жоготот жана банктык ар кандай операцияларды жүргүзүү үчүн банкка кайрылган учурда, ал паспорттор жараксыз деп эсептелет.

Жогорудагы маалыматтын негизинде, жаңы паспорт алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча паспорт үстөлүнө кайрылыңыз жана 2017-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө жаңы паспорттун маалыматтарын Банкка бериңиз.

Паспортту алмаштыруу боюнча суроолор пайда болсо, анда КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматына 119 телефону боюнча кайрылыңыздар