Кыраакы жана сак болгула!

18.05.2023

Урматтуу кардарлар,

Бүгүнкү күндө шылуундар алдамчылыктын көптөгөн ыкмаларын колдонушат, мисалы, банктык тиркемелердин фишинг (фейк) шилтемелери.

❗️ Сактык чаралары:

▶️ Белгисиз шилтемелерди баспаңыз
▶️ Банктын BTB 24 расмий тиркемесинен башка, мобилдик банкингдерге логин жана сыр сөзду киргизбеңиз
▶️ SMS аркылуу келген сырсөздөрдү жана жашыруун коддорду, картанын артындагы CVV кодду же код сөзүн эч кимге айтпаңыз. Банк картасынын сүрөтүн эч кимге жибербеңиз!
‼️ Эскерте кетебиз:
▶️ BTB 24 мобилдик банкингги же Бай Түшүм Банкы которуулар үчүн шилтемелерди жасабайт;
▶️ BTB 24 мобилдик банкингдеги бардык транзакциялар Банктын расмий тиркемесинде гана ишке ашырылат;
▶️ Банктан SMS дайыма бир гана номерден келет;
▶️ Банк жана Банк кызматкерлери эч качан картанын маалыматтарын, паролду, пин-кодду, CVV же кардардын жеке маалыматтарын сурабайт.

Сиз ар дайым Банкка төмөнкү телефондор боюнча чалып, расмий жана ишенимдүү маалыматты өзүңүз текшере аласыз:
+996 312 905 805⁣
+996 554 905 805⁣
+996 770 905 805⁣
+996 701 905 805⁣

Алдамчылардын тузагына түшпөө үчүн маалыматты жакындарыңыз менен бөлүшүңүз!