Кыраакы болуңуз жана өзүңүздү алдоого жол бербеңиз!

28.01.2023

Урматтуу кардарлар, кайрадан алдамчылык фактылары тууралуу эскертебиз жана этият болууну суранабыз!

Электрондук кат менен банктан, өкмөттөн ж.б. төлөмдөрдү алууга болот деген маалымат жиберип, фишинг шилтемесине каттаган учурлар көбөйдү.

Шектүү шилтемелерге кирбеңиз, жеке аккаунтуңуздан жана картаңыздан эч кандай маалыматтарды киргизбеңиз.
❗️

«Бай Түшүм» бардык расмий маалыматтарды өзүнүн расмий булактарында гана жарыялайт.

#btb #bankbaitushum