Максат Ишенбаев менен маек: “Бай Түшүм” банкынын жылдык жыйынтыгы жөнүндө

20.12.2018

Ушул жыл банк системасы үчүн жөнөкөй жыл болгон жок. Кийинки жылдарды чөйрөнү бир топ кыйынчылыктар күтөт: банктардын санынын кыскартылуу божомолуу, мындан дагы күчтүүрөк конкуренция, Улуттук банк тарабынан коюлучуу талаптардын жана капиталдын жетиштүүлүгүн эсептөө коэфициентинин өзгөрүрүлүшү күтүлөт.

“Бай Түшүм” банкы үчүн 2018 жыл өзгөчө пайдалуу болду – киреше табуу боюнча жана башка каржылык көрсөткүчтөрдү ашыра иштеп салган. Бул кандайча болгонун жана ага кантип жетишкендиги жөнүндө жана банк системасы жөнүндө Economist.kg “Бай Түшүм” банкынын башкаруу төрөгасы Максатбек Ишенбаев. айтып берди.

  

– Сиздин оюңузча, банк чөйрөсү үчүн бул жыл кандай болду?

– Өткөн жыл оңой болгон жок, бирок ошентсе да банк чөйрөсү үчүн пайдалуу болду. Бүгүн биз көрүп тургандай адаттагыдай банк системасы өсүү темпинде эмес.

Банк чөйрөсүндө бул жылы активдердин өсүшү 10%га,  1,  7%, аманаттар тобу чектеминде, насыя тобу 15%дан жогоруөсүшү күтүлөт. Бул Улуттук банк келтирген банк чөйрөсүн өнүктүрүү стратегиясына дал келет. Бул жөндөчү документе алдыңкы үч жыл ичинде насыя тобунун 15% өлчөмүндө көбөйүүшү күтүлөт.

Банк чөйрөсүнө Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун чыгышы, каржылык-техникалык жана мобилдик операторлордун банктык ишмердиктин төлөө бөлүгүнө киргиси келери дагы таасир берет.

Ошондуктан банк чөйрөсүнүн өсүү темпттери жылдан-жылга акырындайт. Бирок жыл жыйынтыгы кубандырат, анткени киреше жана өнүгүү бар жана бул банк чөйрөсү үчүн жалпы жыл жакшы болгонун билдирет.

Бирок кемчиликтер бар – эң ири банктардын бири Улуттук Банктын башкаруусуна өтүү. Бул калктын банк чөйрөсүнө болгон ишенимине таасир берди. Бирок банкты сакталып калынышы бул жакшы болду.

– Жакынкы арада банктар саны кыскарабы?

– анча чоң эмес базарга 25 банк бул өтө чоң көлөм. Ошондуктан мен ойлойм болот деп.

Биз тоолугу менен азыр ЕАЭБке кирдик. Ошол үчүн оруссиялык, казакстандык, белорусиялык жана армяндык банктар оңойлук менен филиалдарынын ача алышат, бул өз кезегинде милдетүү түрдө конкуренциянын өсүшүнө жана биздин банктардын кыскартылышына алып келет.

Мындай жагдайлар жергиликтүү банктар тарабынан такталган кадамдарды талап кылат. Бул 2000-жж. мен “Энерго Банкты” башкарып жаткан кезде, конкурентүү болушуу үчүн мен аны башка банк менен бириктирүүгө аракет жасагам. Бир нече банк менен сүйлөшкөм, бирок кыргыздардын ким банк төрагасы болот деген эң негизги суроосу жана менталитетти бар эмеспи. Бул креслого ким отурат? Бул суроодон кийин иш алдыга жылган жок. Ошондуктан бизге казакстандык инвесторлорго кайрылууга туура келген.

Кийинки жылдары онунчу орундан кийинки банктар үчүн кыйын мезгил болот.

Бул кыйыр түрүндө Улуттук Банктын мыйзамдык актыларында микро насыялык уюмдардын банкка айланышына жолто болгон өзгөртүлөр киргизилди. Мурун микро насыялык жана микро каржылык уюмдардан банкка айлануу мүмкүн болсо, азыркы учурда нормативдик база пайда болуп, ал жерде микро каржы уюмдары качан банк боло ала турганы көрсөтүлгөн.

Мен ойлойм, бул банктардын лицензиясын кайра чакыртып алуу жана кайра кароо үчүн жасалган деп. Бул жагдайда алар каржы базарынан чыгат же өзүнүн ишмердигин микро каржылык чөйрөдө улантат.

– Орусиялык жана Казакстандык банктар менен тайталашуу канчалык кыйын болот ?

– Тайталашуу ар качанда кыйын, өзгөчө орусиялык, казакстандык банктар менен. Бирок азыркы учурда ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык жагдайларын эске алууда, бирок мен ойлойм, алардын учурда биздин жерден филиалдарын ачып базарыбызда азырынча эч кандай кызыкчылыгы жок деп.

Валютанын деваливациясынан, энергия ресурстарынын баасынын төмөндөшү, Орусияга каршы санкциялар алардын өз көйгөйлөрү жетиштүү. Алар чындыгында кыйынчылыктар менен бетме-бет келишип, алардын биздин базарга иши жок. Жагдайы оңолгон кезде, албете, мүмкүн алардын кызыкчылыгы пайда болот.

Мен божомолдоп көрөйүн, Кыргызстанда бирок бул мезгилде Түштүк Азия жана башка мамлекеттердин банктары пайда болот, кимде ким эгер буга кызыктар болсо. Өзбекстандагы жакшы өзгөрүштөр дагы биздин базарды алар үчүн көрктүү кылууда. Анткени бул жерден банк ачып, алар жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, өздөрү үчүн Орусия, Казакстан жана башка мамлекеттер базарын ачат. Мисалы, мурунку жылы япондук инвесторлор биздин өлкөнүн бир банкына кирди.

–Биздин бизнеске эмне болуп жатат: өнүгүү, кулоо, стагнация?

– Өткөндөгү жакынкы кездешүүдө Америкалык соода палатасынын чогулушунда КРнын экономика министринин жардамчысы Эльдар Абакиров экономика жалпысынан өсүп жатат деп айткандай. Тоо кен өнөр-жайынын төмөндөшүнө карабай, ички дүң продукциясы 2018 жылы 2,5%га өсүүнү божомолдойт башка тармактарынын көрсөткүчтөрдүн эсебинен.

Бирок бул биздин экономика үчүн жетиштүү өсүү эмес. Өзүбүздү комфорту же жакшырак сезгибиз келсе, анда 2,5%дан жогоруу өсүү керек.

Ошондуктан келтирилген сандар боюнча ишкердикке азыр оңой эмес деп айта алам. Бул макроэкономика боюнча гана көз караш. Биз банк жумушу арасында насыяга суроо-талаптар түшүп жатканын көрүп жатабыз. Бул экономикалык ишмердик акырындап баратканын көрсөтөт.

Эгерде биз банк системасынын ликвидүүлүгүнөн жогоруулугун карасак, ишкерлер өнүгүүнү көрбөй жатканын, балким салымын кошкусу келбей жатат, а мүмкүн мүмкүнчүлүктөрү жоктур.

 

Мындан тышкары ишкердигибиз  РКФР сунуштаган жаңы продуктуларга даяр эмес, ал фонд уюмдун капиталына киргизүүнү карайт.  РКФРдын мында жергиликтүү компаниялардан капиталын чыгаруучу иштеген куралдары жок экенин эске алышыбыз керек.

Фонд биржасынын өнүкпөшү, тактасак биз иштебеген фонд биржасын ээ болуп турабыз, РКФРдын капиталды чыгаруу мүмкүнчүлүгү мында дагы жок. Улуттук Банк жана Өкмөт эгерде фонд биржасынын көйгөйлөрүнө көбүрөөк маани берсе жакшы болмок.

– ЕАЭБ ишкердикке сокку бердиби же өнүгүшүнө өбөлгө түздүбү?

– Мен ойлойм, биз барынан көп кыйналуудабыз. Биздин ишкерлер коңшу ишкерлер менен тайталашууга даяр эмес эле. Биз көрүп тургандай, коңшулаштардын айыл чарба продукциялары биздин базарда тоолуп кетти.Казакстан жана Оруссия улуттук валюталарынын деваливациясы дагы жагдайды орлоту. Бул алардын товарларын арзан жана конкурентүү кылды.

Орусияда айыл чарбага ири көлөмдөгү субсидиялар бар. Казакстан дагы өз айыл чарба өндүрүчүүлөрүн жакшы колдойт. Мамлекет пайызсыз насыя берип гана койбостон, эгерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр аткарылса каражаттарды берет. Биздин өлкө алар менен жардам жана салымдары аркылуу тайталаша албайт. Биздин ички дүң продукциябыздын көп бөлүгү айыл чарбачылыгы болгонуна карабастан.

ЕАЭБтин курамына кирүү ашыгуу менен жүргүзүлгөн, себеби жетиштүү деңгээлде даярдык болгон эмес. Кайрадан саясий окуялардан улам биз керектүү ресурстарды ала албай калдык. Мисалы, сертификациялоо борборлорун курууга  $100 млн  Казакстандан. Жаңы технологияларды алып келбей, кайра курууга тоолук мүмкүн болбой калды. Албетте, ушунун бары биздин экономиканын өнүгүшүнө таасир берет.

– “Бай Түшүм” банкы бул жылды кандай каржылык көрсөткүчтөр менен жыйынтыктайт?

– Биз 2018-жылы планда көрсөтүлгөн бардык көрсөткүчтөрдү ашырып аткардык. Бизге бул жыл кирешелүү жана ишмердүү жыл болду.

Жыйынтыгы биздин күткөнүбүздөн жакшы чыкты. Болгону божомолдогон насыя топтомунун өсүү көрсөткүчтөрүн аткара албай калдык.  Бул биз айткан ишкердик жагдайына байланыштуу. Жалпы алганда насыя топтому өсүүдо. Жылды биз 5-5 млрд сом менен баштап, 5-7 млрд сомго жеткирдик. Өнүгүү бар, бирок биз ойлогондой эмес.

Киреше боюнча бул жылды 70 млн сом менен аяктоону эсептедик. Директорлор кеңеши тапшырган планда биз эки эсе ашыра иштеп салдык. Аманаттар базасы 25%га өсүп, азыр 4 млрд сомду түзөт. Бул көрсөткүч боюнча “Бай Түшүм” банкы өнүгүү темпи боюнча алдыңкы банктар катарында. Бул банкка болгон калк ишенимин көрсөтүп турат.

Биздин өсүү темпибизди жана тийимдүү жыйынтыктарыбызды көрүп, азыркы учурда эл аралык каржылык жана инвестициялык компаниялар менен болгон жалпы көлөмү  $17.5 млн болгон келишим жасалды.

Биз бул жылдагы жетишкендиктер менен сыймыктанабыз. Банк кийинки жылдары да ушундай көрсөткүчтөргө кол жеткизет деп ишенем.

– Сиз айтыңыз, бул жыл ийгиликтүү болду деп. Мындай каржылык көрсөткүчтөргө кантип жетиштиңиздер?

–Албетте, биздин кызматкерлер жана биздин команданын аркасында. Мага башкарууга тажрыйбалуу жетекчилерди тарта алдым. Бул билгир жана мурда башка коммерциялык банктарда иштеген тажрыйбалуу башкаруучулар. Мен ушуну ийгиликтүү деп эсептейм.

“Бай Түшүм” банкы – бул керемет банк, анда жакшы жана кесипкөй кызматкерлер эмгектенет. Бирок бул жерде кичине банк тажрыйбасы жетишпей калды.

Бул жылы “Бай Түшүм” банкына 18 жыл толду. Ал өзүнүн ишмердигин микро каржылык компания катарында баштап, болгону алты жыл мурда тоолук банк лицензиясын алган. Банк катарында биз али жашпыз. Жана негизги аймактардагы адамдар микро насыялык уюмдан чоңойду. Ошондуктан бул жерде банктык иш ишмердиги жана тажрыйба жетишкен жок.

– Сиздердин акционерлериңиз, алардын тажрыйбасы жана билими, өнүгүүгө жардам берип жатабы?

–Биздин акционерлер – бул европалык инвестициялык фондору. Менин банк системасында тажрыйбам көп, биринчи жолу мындай жогорку деңгээлдеги корпоративдик башкарууну биринчи жолу көрүп жатам. Биздин бардык кенеш мүчөлөрү банк чөйрөсүндө ири эл аралык банктарда жана инвестициялык компанияларда иштеген чоң кесипкөй адистер,

Алар бизге стратегия түзүүгө, жаңы ой жана технологияларды киргизүүгө жардам беришет. Мындай колдоо акционерлер тарабынан болбосо, иштөө абдан кыйын. Алар көрсөткөн ишенимин актап жатабыз.

– Кийинки жылы банк чөйрөсүнө кандай божомолдорду бере аласыз?

– Мен өмүрдө  ар качан жакшы көз караш менен карайм.  Божомолдор жакшы, 2019-жылдагы чакырыктар жана тайталаштар быйылкыдан көбүрөөк болот.

Биринчи жолу бул өсүп жаткан конкуренцияга, каржы техникасынын өнүгүшү, биздин базарга банк эмес, технологиялык компаниялардын келиши дагы буга себепкер. РКФРдин биздин базарда активдүү ишмердигин биз көрүп жатабыз. Банктарда кабыл алынгандар Фонд сунуштап жаткан насыяларга кызыгып алып жатат.

Банкка өз ишмердигин жакшыртуу үчүн жана иштешүү үчүн, тийимдүү операциялык системасы бар банк болууга көп каражаттарын салышы керек. Ар убакта өз техникалык софт, паркын жаңылап, заманбап алдыңкы технологияларды киргизүү керек. Банктар кызматкерлерин окутууга көптөгөн каржыларын бөлөт.

Улуттук Банк пайыздык ченди азайтуу иштерин жүргүзүүнү улантат. Бардык продуктулардын маржасы боюнча пайыздык чен азайып жатканына байланыштуу банктардын кирешелери азаят. Банк системасынын өсүү деңгээли жайлайт.

 

Бирок ошого карабай банктардын өнүгүү үчүн тийимдүүлүгү бар. Улуттук Банктын маалыматына ылайык, Кыргызстанда ортомчу каржылык ишмердигинин жалпы деңгээли 40%ды түзөт – бул төмөн көрсөткүч.

Жаңы жылдан Улуттук Банк капиталдын жетиштүлүүгүн эсептөө методикасына өзгөртүү киргизүүдө, демек бул тобокелдүү активдерди эсептөөгө жаңы кадам жасоону талап кылат.  Бул насыянын пайыздык ченин төмөндөтүү үчүн, доллардын азайтууга дагы бир кадам.

Пайызы жогору сом жана доллар валюталары менен берилген насыялардын тобокели жаңы методика менен чыгарылат, бул капиталдын жетиштилүгүү коэфициентинин азайышына алып келет. Улуттук Банктын жаңы талаптарын аткарууга өздүк капиталын көбөйтүшүү же пайыздык ченди азайтуусу керек.

Ошондуктан кийинки жыл банктар үчүн кыйын болот.

https://economist.kg/2018/12/19/bolshoe-intervyu-s-maksatbekom-ishenbaevyim-ob-itogah-goda-dlya-bankovskoy-sistemyi-i-perelomnom-etape-dlya-banka-bay-tushum/?fbclid=IwAR25jS7dHM5ei2ilz5hz1XpiO-BQNeJ_Jygy9vN8YdkneNg0OGNAsHKVnNE