Мектепке чейинки курактагы  170тен ашуун кичинекей кыргызстандыктар «Бай Түшүм» Банкынан билим берүү багытындагы белектерди алышты

19.07.2017

«Бай Түшүм» Банкы «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондусунун  «Жайлоодогу бала бакчалары» деген аталыштагы кайрымдуулук долбооруна  2014-жылдан бери жыл сайын колдоо көрсөтүп келе жатат. Бул долбоордун максаты – жай мезгилинде тоодогу жайлоолордо болушкан малчылардын балдарына билим берүү багытында колдоо көрсөтүү болуп саналат. Долбоор 5, 6, 7 жаштагы балдарды  жайлоодо  жүргөн убакта мектепке барууга жана сабактарга  даярданууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө.

Бул долбоордун алкагында Банк өлкөбүздүн 7 аймагынан (Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустары)   7 бала бакча үчүн  жалпы 100 000 миң сомдон ашуун  суммага  керектүү канцелярдык товарларды алууну каржылады.

«Өсүп келе жаткан муундун өнүгүүсүнө багытталган билим берүү багытындагы долбоорлорду Банк ар дайым жан дили менен колдоого алып келүүдө. Бул инновациялык долбоорду жыл сайын  колдоонун алкагында Банк биздин кичинекей досторубузга билим берүүчү багыттагы ар кандай нерселерди, тактап айтканда, баланын акыл-эсин өстүрүүчү оюнчуктарды, китептерди, боекторду жана канцелярдык товарларды алып берди. Бул өлкөбүздүн балдарынын келечегинин ийгиликтүү болушу үчүн биздин да кошкон кичинекей салымыбыз», — деп айтты «Бай Түшүм» Банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

Жайлоолордогу Бала бакчалары июль айынын ортосунан тарта август айынын аягына чейин иштээрин белгилеп кеткибиз келет.  Бул долбоордун алкагында жайлоолордо жашап жатышкан 170 бала үй-бүлөсү менен бирге жүрүп эле жумасына 5 жолу, күнүнө 3 сааттан даярдоо сабактарына барышып, мектепке баруу үчүн зарыл болгон даярдыктардан өтүүгө мүмкүнчүлүк ала алышат.

IMG-20170706-WA0002