«Бай Тушум» Банкынын банкоматтары UnionPay жана MasterCard карталарын кабыл алышат

14.08.2020

Ысык жаңылык!

13-августтан тартып «Бай Тушум» Банкынын бардык 68 банкоматы UnionPay жана MasterCard карталарын кабыл алышат.

Ошентип, биздин банкоматтар түйүнүнөн тейлене алыша турган төлөм тутумдары 5 болуп калды:

🔸 Элкарт
🔸 Visa
🔸 Мир
🔸 UnionPay
🔸 MasterCard

Мүмкүндүктөрүбүз кеңейтилүүдө! Биздин кардарларыбыздын катарына кош келипсиз!