27 декабрдан банк эл аралык RIA Money Transfer акча которуу системасын ишке киргизди

08.01.2019

“Бай Түшүм” кардарлары 27 декабрдан эл аралык RIA Money Transfer акча которуу системасын колдоно алат. Бул системаны колдонуп 361 000 кызмат көрсөтүү пункттары жана Европа, Америка, Азия жана Африканын 151 өлкөсүнө акча которууга болот. Акча которууларды АКШ доллары жана евро менен жөнөтсө болот. Акча которунун тарифи кайсыл мамлекетке жөнөтүлүп жатканына байланыштуу жана котору сумасынын 0,95%нан 2,2%ын түзөт.

Которунун максималдуу көлөмү – 5000 АКШ доллары же евро, жиберүүдөн кийин акчаны 5-30 минут ичинде алууга мүмкүн. Которууну 30 күн ичинде алууга болот, мөөнөт бүткөндөн кийин эгер алуучу акчаны албаса, акча салучууга акча кайтарылып берилет.

Акча которулар тарифи c 01.11.2018

Биздин офистердин тоолук тизмеси төмөнкү шилтемеде https://www.baitushum.kg/ru/branches/