«Бай-Түшүм» Банкы BTB мобилдик тиркемесинде UnionPay карталарына которууларды ишке киргизди
07.08.2026

«Бай-Түшүм» Банкы эл аралык которуулар боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү улантып, BTB мобилдик тиркемеси аркылуу UnionPay төлөм системасынын банктык карталарына акча которуу кызматын ишке киргизди.
Эми жакындарыңызга, досторуңузга жана бизнес өнөктөштөрүңүзгө акча которуу мурдагыдан да жеңил болуп калды. Которууну жүргүзүү үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу жетиштүү:
- BTB мобилдик тиркемесин ачыңыз;
- «Которуулар» → «UnionPay карталарына которуулар» бөлүмүнө өтүңүз;
- Алуучунун карта номерин, аты-жөнүн жана которуу суммасын киргизиңиз.
Которуулар карта номери боюнча АКШ долларындагы (USD) карточкалык же эсептешүү эсебинен заматта жүргүзүлөт. Каражат алуучунун картасынын валютасында эсепке түшөт.
Которуунун шарттары:
- минималдуу сумма — 15 USD;
- максималдуу сумма — 2 000 USD;
- комиссия — которуунун суммасынан 1%, эң аз дегенде 2 USD.
Кардарлар Кытайдагы жана которуулар жеткиликтүү болгон башка өлкөлөрдүн банктары чыгарган UnionPay карталарына каражат жөнөтө алышат. Кызмат 80ден ашуун өлкөдө жана аймакта жеткиликтүү, алардын ичинде АКШ, Япония, Сингапур, Австралия, Улуу Британия, Россия, Канада, Түштүк Корея жана Гонконг бар.
BTB мобилдик тиркемесин жаңыртып же жүктөп алып, UnionPay карталарына эл аралык которууларды тез, коопсуз жана ыңгайлуу жүргүзүңүз.

