“Бай-Түшүм” Банк Ачык Акционердик Коому 2020-жылдын 30-мартында саат 10.00дө Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү 76,5-кабат, “Бай-Түшум” Банк ААКнын башкы офисинде боло турган акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрө тургандыгын маалымдайт

03.03.2020

Күн тартибине төмөндөгүдөй маселелер киргизилди:

  1. Акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө.
  2. 209-жылдагы “Бай-Түшүм” Банк ААКнын финансылык планын аткаруу жана башкармалыктын ишмердигинин жыйынтыгынын отчётун бекитүү.
  3. 2019-жылдагы Банктын директорлор кеңешинин ишмердиги жөнүндөгү отчётун бекитүү.
  4. 2019-жылдагы “Бай-Түшүм” Банк ААКнын кирешелери жана чыгашалары жөнүндөгү отчёту, жылдык балансты бекитүү.( сырткы аудитор тарабынан тастыкталган).
  5. 2019-жылдагы дивиденддерди төлөө жана “Бай-Түшүм” Банк ААКнын кирешелерин  бөлүштүрүү жөнүндө.( “Бай-Түшүм” Банк ААК капиталдын кошумча запасы боюнча регулятивдик талаптарды  аткарбагандыгына байланыштуу дивиденддерди төлөбөө жана кирешелерди бөлүштүрбөө жөнүндө).
  6. 2020-жылга карата “Бай-Түшүм” Банк ААКнын финансылык планын (бюджетин) бекитүү.
  7. 2020-жылга карата “Бай-Түшүм” Банк ААКнын сырткы аудиторун шайлоо.
  8. Сырткы аудитордун сыйакы өлчөмүн аныктоо.
  9. 2019-жылдын 31-декабрынын аякталышы, финансылык жылдагы консолидициялык отчетунун аудити үчүн- “Бейкер Тилли Бишкек” ЖЧКсы банктык группасына-сырткы аудиторунун кызматына кошумча акы төлөө туурасында.
  10. “Бай-Түшүм” Банк ААКнын директорлор кеңеши жөнүндөгү жобонун жаңы редакциясын бекитүү туурасында.
  11. “Бай-Түшүм” Банк ААКнын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана сыйакыларды төлөө жөнүндөгү жобонун жаңы редакция бекитүү туурасында.
  12. “Бай-Түшүм” Банк ААКнын дивиденддик саясатынын жаңы редакциясын бекитүү туурасында.
  13. Директорлор кеңешинин комитетинде милдетүү түрдө катышкан директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө кошумча акы төлөө жөнүндө.( 2017-жылдын 1-декабрындагы КЧЖАЧ № 24 протоколуна акционерлердин кезексиз чакырылган жалпы чогулушунун күн тартибиндеги  сегизинчи маселенин чечимидеринин бөлүктөрүн өзгөртүү жөнүндө).
  14. “Бай-Түшүм” Банк Ачык акционердик коомунун Уставнын жаңы редакциясын бекитүү туурасында.
  15. “Бай-Түшүм ”Банк ААКнын Уставынын жаңы редакциясы бекитилгендигине байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө.

Жалпы чогулушка катышууга укугу бар акционерлердин тизмесин түзүү күнү 2020-жылдын 6-марты.

Чогулушка катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда Кыргыз республикасынын мыйзам талаптарына  ылайык  акционер өз укугун өзүнүн ишенимдүү өкүлүнө ишеним кат аркылуу бере алат.

Акционерлердин өзүлөрүндө паспорт, ал эми өкүлдөрүндө  паспорт жана ишеним кат болууга тийиш.

Акционерлерди жана алардын өкүлдөрүн каттонун башталышы 2020-жылдын 30-мартында сат 9.00до башталып, 2020-жылдын 30-март күнү саат 10.00 до аяктайт.

Банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун материалдары менен “Бай-Түшүм” Банк ААКнын корпоративдик катчысынан жумуш күндөрү тааныша аласыз. Дареги: Бишкек шаары,Үмөталиев көчөсү, 76. Сурап-билүү телефону: 310-370( ички. 1218,