“Бай Түшүм” банкы 26-29-октябрь күндөрү “Кыргызстан ЕХРО -2023” эл аралык универсалдык көргөзмөсүнө катышты.

02.11.2023

Бул көргөзмөнүн максаты жергиликтүү жана эл аралык рынокто жогорку сапаттагы өнүмдөрдү жана кызматтарды жайылтуу, компаниялар менен мамлекеттердин ортосундагы экономикалык, илимий-техникалык жана маданий өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү болгон.

Биз бул көргөзмөгө катышууга абдан кубандык. Сиз дагы бизди көрүп сүйүндүңүз деп үмүттөнөбүз.