“Бай Түшүм” банкы “Мен – дос SOS балалык айылдар” кайрымдуулук иш чарасына катышты

04.06.2018

Өткөн 2 июндагы ишембиде “Бай Түшүм” банкы “Мен – дос SOS балалык айылдар” кайрымдуулук иш чарасына катышты. Иш чаранын уюштуруучулары SOS Балалык айылы жана Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы (КРФФ) болду. Балдар майрамы кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын жана “Сымбат” бийлөө тобунун катышуусунда өтүү, алар балдарды жөн гана кутуктап койбостон, жаркын маанай сыйлаган концерттик номерлери менен өнөр көрсөтүштү.

“Мен-дос SOS” долбоорунда балдар үчүн кызыктуу чаралар уюштурулдуу: Аквагримм, түрдүү балдарга үйрөтүчүү сабактар, эмгек жасоо, шахмат, сүрөт тартуу сыяктуу. Мындан сырткары кайрымдуулук иш чарасында чоңдорго арналган мини футболдон оюндар өткөрүлдүү, ага 8 курама катышты. “Бай Түшүм” банкынын кызматкерлеринин командасы жыйынтыктоочу оюнга катышып, сыйлуу орундарга ээ болду.

Оюндардын бардык катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы тарабынан эстеликке төш белгилер, ардак кагаздар, эстелик сувенирлери берилди.

“Бай Түшүм” банкы 16 жыл аралыгында социалдык камсыздоо жана билим берүү багыттындагы өнүгүү долбоорлоруна кайрымдуулук жоболору аркылуу чоң салымын кошуп келет.