Бай Түшүм Банкы “Инновациялык жана технологиядагы жетишкендиктери үчүн” сыйлыкка ээ болду.

28.01.2020

24-январда Кыргызстандагы Америка Соода Палатасынын мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн жылдык жолугушуусунун алкагында болуп өткөн AmCham сыйлыктарын тапшыруу аземинде Бай Түшүм Банкы AmCham тарабынан Инновация жана технология жаатындагы жетишкендиктери үчүн сыйлык алды.

«Бай Түшүм» Банкы бир катар инновациялык долбоорлорду ишке киргизди:

  1. “Бай Түшүмдөн” BTB24 мобилдик банкинги . Банк колдонуучуларга 240тан ашык кызмат үчүн үйүнөн чыкпай туруп төлом аткарууну сунуштады. Банк бул кызматын андан ары өнүктүрүүнү көздөп жатат.
  2. BTB Market – бул Кыргыз Республикасында бизнестин өкүлдөрү жана кардарлары үчүн уникалдуу продукт жараткан биринчи жана жалгыз банк. Продукциянын өзгөчөлүгү – товарларды сатууга жана сатып алууга ортомчуларсыз, онлайн режиминде насыя алуу мүмкүнчүлүгү бар жалгыз аянтча.
  3. BTB Express – бул Россиянын аймагында чыгарылган ар кандай төлөм карталарын пайдалануу менен банктык эсептерин толуктоого мүмкүндүк берген Кыргызстан рыногундагы биринчи продукт. BTB Express Visa, Mastercard жана МИР карталарынан кардардын банктык эсебине акча каражаттарын онлайн чегерүүгө мүмкүнчүлүк берет.
  4. Виртуалдык Visa картасы – бул Visa Gold төлөм картасын заматта чыгарууга мүмкүнчүлүк берген, банктын төлөм карталарынын рыногундагы уникалдуу продукт.
  5. Банк учурдун талабын карманып, NFC Near field communication, NFC (“жакынкы аралыктагы байланыш”, “жакын аралыктагы контактсыз байланыш”) колдонот. Виза быйыл контактсыз болуп калды.

Биздин ишибизди баалаганы үчүн бизнес коомчулугуна ыраазычылык билдиребиз. Бул сыйлык биздин банк учун жыл жыйынтыгындагы эн мыкты белек болду.