“Бай Түшүм” банкы «Global Money Week — 2019» дүйнөлүк акча жумалыгынын жыйынтыгын чыгарды.

19.04.2019

“Бай Түшүм” банкы салтуу түрдө Кыргызстанда 8-16 апрелде өткөн 7чи “Дүйнөлүк акча жумалыгынын” активдүү уюштуруучусу жана катышуучусу болду. Жумалыктын өтүшүндө банк кызматкерлери тынымсыз өлкө аймактарында акча сактоо жана аны тийимдүү жумшоо жөнүндө тренингтерди мектептерде, лицейлеринде  жана башка мекемелерде  өткөрдүү.

Интерактивдүү окуу сабактары 76 окуу мекемелеринде өтүп, 8500дөн ашуун балдар катышты. Тренинг Бишкек шаарында жана 7 областарында өткөрүлдүү.

 

Банк мындан тышкары “Кыялдан. Сакта. Ишке ашыр” улуттук балдар сүрөт сынагын өткөрдү. Биринчи жолу банк тарыхында келген 546 сүрөттөрдү банк санариптештирип  gmw.baitushum.kg. сайтына жүктөдү.

16 апрелдеги расмий “Дүйнөлүк акча жумалыгында” жабылуу салтанатында банк 3-категория жеңүчүүлөрүн жана кошумча белектер алган балдарды балуу белектер менен сыйлады.  Жеңүчүүлөр алган таасирлери жана сүрөттөрүнүн негизги оюн айтып беришти.

Кушунова Каныкей, Талас шаары: Өзүмдүн сүрөттүмдө мен жеке бизнес планымды чагылдырдым. Мен гүлдөр өстүрүп, аны сатууга чыгаргым келет. Азыр мен А.Огонбаев атындагы музыкалык мектептеги бий кружогуна катышып жүрөм, келечекте болсо, Парижде өнөр көрсөткүм келет.

Жасмина Минажиддинова, Кызыл-Кыя –  өзүнүн эмгегин экологияга аяр мамиле жасоого чакырык жасап тарткан, келечекте дизайнер болууну максат коюп, ал үчүн ал көп окуу керектигин айтат.


Майя Мамбетисаева, Бишкек шаары 
өзүнүн сүрөттөгү оюн мындайча чагылдырат: “Мисалы сен, бир жерде иштейсиң жана ал үчүн акча каражаттарын аласың, ал каражаттарды чогултуп, керектүү акча чогулганда өз максатыңа аны корото аласың”. Өзүнүн сүрөт талантына карабастан, келечекте хирург болгусу келет.

Сынактын дагы бир Бишкек шаарындагы катышуучусу Бермет Туркменова сүрөттө өзүнүн иниси акча чогултуучу нерсе менен тартылганын билдирди. “Тыйын чогулткуч – бул ишенимдин жана коопсуздуктун белгиси, андан көрүнгөн ачык түстөгү түс байлыкты жана кыялымды чагылдырат. Бул түстө билимдин түрдү жагын көрүүгө болот, аны бириктирип көрсөтүүчү ак шумкар – тазалыктын жана асыл ойлордун тунугу болуп эсептелет”.

https://24.kg/biznes_info/115327_bank_bay_tushum_podvel_itogi_vsemirnoy_nedeli_deneg/