«Бай Түшүм» банкы Visa жана Элкарт карталарын кабыл алуу үчүн абдан ыңгайлуу жабдууларды — mPOS-терминалдарды сунуш кылган Кыргызстанда биринчи жана азырынча жападан жалгыз банк.  

27.06.2019

Өзүңүздүн бизнес үчүн накталай эмес төлөмдү киргизүүнү көптөн бери ойлонуп жүрөсүзбү? Бирок кадимки POS-терминалдар сизге туура келбейт,  кардарларга өзүңүз канчалык деңгээлде тез-тез бара аласыз? Бул учурда компакттуу жана мобилдүү mPOS-терминалдары сизге 100% туура келет.

mPOS-терминалдары смартфондон кичинекей, аны өзүңүздүн кардарларыңызга накталай эмес эсептешүүлөрдү сунуштоо керек болгон учурларда, мисалы, таксиде, курьер аркылуу жеткирүүлөрдө, кардардын үйүндө ремонт иштерин жүргүзгөн учурда ар кандай киоскаларда, кыскасы бардык жерде пайдалануу менен өзүңүз менен бирге алып жүрүүгө болот.

Мындан тышкары бул терминалдын жардамы менен:

✔ товарлардын каталогун жүргүзүүгө жана тиркемеде алардын эсебин жүргүзүүгө;

✔ веб-порталда өздүк кабинеттеги операцияларга көз салууга;

✔  ыңгайлуулук үчүн төлөмдөрдүн шаблондорун түзүп алууга;

✔ маалыматтар базасында чектердин көчүрмөлөрүн сактоого жана аларды электрондук почта боюнча жөнөтүүгө болот.

Биздин турмушубузга электрондук төлөмдөр улам көбүрөөк аралашып бара жатканда, жүгүртүүлөрдү көбөйтүүгө mPOS терминалдары жакшы жардам бере алат.

Өз биснесиңизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү  кошуңуз!