«Бай Тушум» Банкы Ысык-Көлдөгү Бостери айылынын дарыгерлерине жардам көрсөттү

13.08.2020

Кызматкерлердин күчү менен 33 800 сом жыйналды, аларга респираторлорду, колкаптарды, ЖКК жана тамчылатып куюу үчүн системаларды дүң баасы менен сатып алышты жана бүгүн ушунун баарын Ысык-Көлдөгү Бостери айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тартуу кылып алып барышты.

Акчалар төмөнкүлөрдү сатып алууга жетти:
?Бир жолу колдонулуучу респираторлордун эки түрү – бардыгы болуп 640 даана
?Кол каптар – 400 жуп
?ЖКК – 110 даана
?Тамчылатып куйгучтар үчүн системалар – 310 бирдик

Дарыгерлерге жана алардын бейтаптарына жеңилирээк болсунчу! Ушул татаал мезгилде ордунда калгандарга ыракмат жана, ар бир COVID-19га туш болгон адамдын тез сакайуусун тилейбиз!

Экинчи толкун келбей кала тургандыгынан үмүт үзбөйбүз … #Вместепобедимвирус

Кесиптештерибизге жардам бергендиктери үчүн ыраазычылык айтабыз! #baitushumteam

Пандемия маалында «Бай Тушум» БанкыЖКК, ӨЖЖ жана кычкылтек концентраторлорун сатып алуу үчүн каражаттарды бир топ ирет бөлдү. Эми бул демилгеге Банктын кызматкерлери дагы кошулушту.