“Бай Түшүм” “Жайкы мектеп”ке тандоону жарыялады

26.12.2018

Достор, Ушул кышта «Банкир мектебинде» эки агым болот.

1-агым. 14-25 январь Мектеп Бишкек шаарындагы башкы кеңседе өтөт. Мектепти ийгиликтүү аяктагандарды Бишкектеги, Чүйдөгү, Ысык-көлдөгү, Талластагы, Нарындагы филиалдарынын биринде жумуш орду күтөт.

2-агым. 11 – 22 февраль Банкир мектебине Жалал-Абад шаары катышат. Окуу сабактары биздин Жала-Абаддагы: Осмонова көч, 30а.дареги боюнча өтөт. Бул мектеп бүтүрүчүлөрү “Бай Түшүм” банкынын Ош, Жалал-Абад, Баткен филиалдарына жумушка орношот.

Бул долборго окуу жайдын жана колледждердин бүтүрүчүлөрү гана эмес, алардын тең туштары дагы катыша алат.

Банкир мектеби банктык ишмердик жөнүндө акысыз окууну сунуштайт. Биз көңүлдү кардар менен ишин, өзгөчө банк ишине кызыкандарга коёбуз. Тренингтерди тажрыйбасы чоң кесипкерлер өтөт.

Банкир мектеби – бул банкта өз карьерасын баштоону каалагандар үчүн, банк ишмердигин билбесе дагы, кызыккандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк.

Кызыктыңызбы? Сиздин резюмеңизди ➡ baitushum@baitushum.kg дарегине «Банкир мектеби. Бишкек» же «Банкир мектеби. Жалал-Абад» жазуусу менен тез арада жөнөтүңүз. Тандоо башталды ☝