“Бай Түшүм” банкы Кыргыз Республикасындагы эң мыкты Интернет-банкингдин ээси деп табылды! ⁣⁣⠀

26.05.2021

“Бай Түшүм” банкы Кыргызстандагы ТОП-3 эң мыкты интернет-банкинг ээлеринин катарына кирип, Digital Forum 2021 SME Banking Clubтун изилдөөсү боюнча биринчи орунга ээ болду. ⁣⁣⠀
⁣⁣⠀
Жыл сайын SME Banking Club Кавказ жана КМШ өлкөлөрүнүн эң мыкты банктарын тандайт. Ишкердик үчүн банктардын жалпы⠀функционалдык кызматтарын баалоо менен мобилдик жана интернет тармагын изилдешет. ⁣⁣⠀
⁣⁣⠀
Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча “Бай Түшүм” банкы Кыргыз Республикасындагы эң мыкты Интернет-банкингдин ээси деп табылды! ⁣⁣⠀
⁣⁣⠀
Жаңы деңгээлге чыга алганыбыз үчүн жана биздин эмгек татыктуу баасын алып жатканына кубанып турабыз. ⁣⁣⠀
⁣⁣⠀
Биз менен дайыма онлайн болгонуңуз үчүн, сиздерге рахмат! ?