«Бай Түшүм» Банкы волейбол боюнча Кыргызстандын банктарынын Кубогунун ээси

31.10.2022

2022-жылдын 29-октябрында Кыргызстандын Банктарынын Кубогу үчүн аялдар командалары арасында волейбол боюнча турнир жыйынтыкталды. Турнирге жалпысынан 9 команда катышты.

«Бай-Түшүм» банкы 1-орунду ээлеп, Кыргызстандын банктарынын кубогунун ээси болду, 2-орунду «Оптима Банк» командасы, 3-орунду «Кыргызстан» Коммерциялык Банкынын командасы ээледи. .

Кызматкерибиз Абдыкеримова Айчүрөктү «Мыкты оюнчу» Ардак грамотасы менен куттуктайбыз.