«Бай Түшүм» Банкы «Жайдын жагымдуу сатып алуулары» акциясынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

17.10.2016

«Бай Түшүм» Банкы «Жайдын жагымдуу сатып алуулары» үч айлык акциясынын жыйынтыгын чыгарды жана товарлар менен тейлөөлөрдү сатып алууда VISA картасын активдүү пайдаланышкан жеңүүчүлөрдү сыйлады.
Банктын 15 кардары плазмалык телевизордун, күзгү чагылыштуу фотоаппараттардын, планшеттердин жана смартфондордун ээлери болуп калышты. Акциянын шарттары жөнөкөй эле: «Бай Түшүм» Банкынын VISA картасына ээ болуу менен, сатып алууларды жүргүзүүдө карта менен төлөмдөрдү аткаруу жетиштүү болчу.

«Бай Түшүм» Банкынын кардарларынын арасында товарларды сатып алууда жана тейлөөлөр үчүн акы төлөөдө төлөм карталарын колдонуу Бишкек шаарында да, аймактарда да динамикалуу өнүгүп бара жаткан алдыңкы тенденция экендигин белгилей кетүү керек. Акциянын жеңүүчүлөрүнүн үчөө Ош жана Жалал-Абад шаарынан болушту.

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана Банктын башка да кызыктуу акцияларына катышууга чакырабыз.
Банктын депозиттер боюнча экслюзивдүү акциясы 2016-жылдын 15- декабрына чейин улантыла тургандыгын эсиңиздерге салабыз. Демек, бар болгону 2 айдан кийин эле Банктын кардарлары башкы байгенин—Бишкек шаарындагы жаңы батирдин, автоунаанын жана Дубайга эки адамдык саякат жолдомосунун ээси болуп калышы мүмкүн. Мындан башка да 12 айга «Акция Бай Түшүм» топтолуучу депозитин ачкан ар бир кардар кепилденген баалуу белектерди: тиричилик техникасынын 4 000 сомго чейинки сертификаттарын ала алышат.