Банк «Бай-Тушум» жана Россия Федерациясындагы кыргыз диаспорасынын кеңеши кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту
12.08.2026

«Бай-Тушум» ААК менен Россия Федерациясындагы кыргыз диаспорасынын кеңеши кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту. Келишим өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө жана чет өлкөдө жашаган Кыргызстандын жарандары үчүн банктык жана финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган.
Келишимдин негизги максаты — банктык кызмат көрсөтүүлөр жана финансылык жеткиликтүүлүк жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын чегинен тышкары жашаган мекендештерибиз үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Келишимдин алкагында тараптар чет өлкөлөрдө жашаган Кыргызстандын жарандарына жеткиликтүү банктык продуктылар жана кызматтар тууралуу маалымат берүүгө көмөктөшүүнү, ошондой эле алардын муктаждыктарын эске алуу менен ыңгайлуу финансылык чечимдерди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кароону көздөшүүдө.
Өзгөчө көңүл акча которууларга, аралыктан банктык тейлөөгө, төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана чет өлкөдө жашап, иштеп жаткан Кыргызстандын жарандары үчүн актуалдуу болгон башка финансылык кызматтарга бурулат.
Кызматташтыктын алкагында мекендештерибиздин актуалдуу финансылык муктаждыктарын талкуулоого, маалымат алмашууга жана өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу каналдарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүү да каралган.
«Бай-Тушум» Банкы үчүн мекендештерибиз кайсы жерде болбосун, аларга ыңгайлуу финансылык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маанилүү. Биз Кыргызстандын жарандарына өз каражаттарын ыңгайлуу башкарууга, керектүү кызматтарды алууга жана өз өлкөсү менен байланышын сактоого мүмкүндүк берген банктык чечимдерди өнүктүрүүгө умтулабыз», — деп белгиледи «Бай-Тушум» Банкынын Башкармалыгынын төрагасы М.Ж. Жакыпов.
Кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюу өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүдөгү жана чет өлкөдө жашаган Кыргызстандын жарандары үчүн банктык жана финансылык кызматтар жаатында кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдөгү кезектеги кадам болуп калды.

