«Бай-Тушум» Банкы жана ШКУ өлкөлөрү үчүн Долбоорлорду коштоо боюнча аймактык борбору өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту

11.08.2026

«Бай-Тушум» ААКсы жана ШКУ өлкөлөрү үчүн Долбоорлорду коштоо боюнча аймактык борбору өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө жана келечектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга багытталган өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Документке «Бай-Тушум» Банкынын Башкармалыгынын төрагасы Жакыпов Манас Жакыпович жана ШКУ өлкөлөрү үчүн Долбоорлорду коштоо боюнча аймактык борбордун директору Кожокматова Мэрим Тургуналиевна кол коюшту.

Тараптар келечектүү долбоорлорду издөө жана коштоо, инвестицияларды жана каржылоону тартуу, ошондой эле ишкердик байланыштарды өнүктүрүү багыттарында кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенишет.

Кызматташтыктын алкагында тараптар маалымат жана тажрыйба алмашууну, келечектүү демилгелерди илгерилетүүгө көмөктөшүүнү, ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык жана инвестициялык ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кароону пландашууда.

Өз ара аракеттенүүнүн багыттарынын бири катары биргелешкен консультацияларды, жумушчу жолугушууларды, тегерек столдорду жана башка ишкердик иш-чараларды өткөрүү каралган. Мындай аянтчалар келечектүү долбоорлорду талкуулоого, эксперттик тажрыйба алмашууга жана жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Бай-Тушум» Банкы үчүн өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү жана келечектүү демилгелерди колдоо маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Региондук борбор менен кызматташуу биздин финансылык экспертибизди долбоорлорду коштоо багытындагы тажрыйба менен айкалыштырууга, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестицияларды тартуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөт деп ишенебиз», —  «Бай-Тушум» Банкынын Башкармалыгынын төрагасы Манас Жакыпов деди.

«Региондук борбор үчүн инвестициялык долбоорлорду коштоо боюнча ишенимдүү инфраструктураны түзүү маанилүү. «Бай-Тушум» Банкы менен кызматташуу биздин компетенцияларыбызды бириктирүүгө жана келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле ШКУ мейкиндигинде ишкердик өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөт», — деп Региондук борбордун директору Мэрим Кожокматова белгиледи.

Меморандумга кол коюу ишкердик кызматташууну өнүктүрүүдөгү жана долбоордук жана инвестициялык демилгелер боюнча биргелешкен иш үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдөгү маанилүү кадам болуп калды.

Меморандум декларативдик мүнөзгө ээ жана тараптардын өз ара кызыкчылыгын туудурган багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү ниетин билдирет.