«Бай Түшүм» Банкы жана USAIDдин «Агро горизонт» долбоору Кыргызстандын фермерлерин каржылоо боюнча инновациялык долбоорду ишке берүүдө.

09.06.2017

7-июнда «Бай Түшүм» Банкы жана USAIDдин  «Агро горизонт» долбоору фермерлердин каржылоого жетүү жолдорун жеңилдетүү максатында өз ара түшүнүшүү боюнча Меморандумга кол коюшту. Салтанаттуу кол коюу аземинде каржылоодо инновациялык ыкмаларды киргизүүгө багытталган  биргелешкен кадамдарды жасоо талкууланды.

Бул долбоордун алкагында «Бай Түшүм» Банкы тарабынан    3 инновация ишке берилет.  Алардын бири кошумча нарк түзүмүн насыялоо болууда.  Банк акыркы 3 жыл аралыгында фермерлерди жеңилдетип каржылоону ишке ашыруу боюнча бир кыйла тажрыйба топтоого жетишти.     Завод-өнөктөштөрү – «Кайыңды Кант», «Талас Сүт» жана «Озон Ата» менен биргеликте сүт азыктарын жана кант кызылчасын кайрадан иштетүү сегментинде кошумча нарк түзүмү ийгиликтүү ишке ашырылган.

«Бай Түшүм» Банкынын башкы менеджеринин орун басары  Нүргүл Төрөбаева өз сөзүндө: «Кошумча нарк түзүмүнүн алкагында насыялоо – фермерлер өздөрү өстүрүшкөн азыктарын өндүрүштүк компаниялар менен  алдын-ала макулдашылган баа боюнча  кепилденген түрдө сатып-өткөрө ала турган экономикалык туруктуу өз ара мамилелердин өнүгүшүнүн мүмкүнчүлүгү.   Ал эми өндүрүүчү компаниялар кайра иштетүү үчүн сапаттуу азыктарды алуу менен өндүрүш көлөмүн кепилденген түрдө көбөйтө алышат. Каржылоону бөлүп-бөлүп алуу төлөнүүчү үстөк пайыздардын өлчөмүн бир кыйла азайтууга мүмкүнчүлүк түзө тургандыгын белгилеп коюу  керек, буга биздин фермерлер сөзсүз өзгөчө маани беришээри анык»,- деп белгиледи.

Башка да маанилүү инновация болуп мобилдик банктык тиркемени ишке киргизүү болуп саналат, ал жер-жерлердеги кардарлардын бизнесине экспресс-баа берүүнү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бермекчи.  Ал эми электрондук капчыкты колдонуу менен  агенттик тармакты ишке киргизүү фермерлердин убактысын жана чыгымдарын үнөмдөп, банктын офисине барбай эле, алынган насыялар боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Долбоор банктар менен өнөктөш иштешүүнүн натыйжасында акчалай эквивалентте жана техникалык ресурстар түрүндө 3 миллион АКШ долларынан ашуун сумманы иштетүүнү көздөп турат, муну менен долбоор алдыдагы эки жылдын аралыгында 5,600 фермерге колдоо көргөзмөкчү»,-деп белгиледи USAIDдин «Агро горизонт» долбоорунун директору г-жа Агнес Луз.  

Инновацияны Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында ишке ашыруу мерчемделүүдө. Бул биргелешкен долбоорду ишке ашыруудагы ийгиликтүү тажрыйба айыл чарба азыктарын кайрадан иштетүү секторунун өнүгүшүнө зор түрткү бермекчи.    Долбоор ошондой эле өлкөбүздүн фермерлеринин финансылык тейлөөгө тартылуусунун сапатын жогорулатууга жана   электрондук капчыкты колдонуунун аркасында калкты алыскы аралыктан тейлөөнүн мындан ары да өнүгүшүнө  өбөлгө болоору анык.

фото2