«Бай Түшүм» Банкы менен Реконструкциялоонун жана Өнүгүүнүн Европалык Банкы 4 млн. АКШ доллары суммасындагы макулдашууга кол коюшту

02.11.2016

«Бай Түшүм» Банкы менен Реконструкциялоонун жана Өнүгүүнүн  Европалык  Банкы Кыргызстанда туруктуу энергияны (KyrSEFF) финансылоо боюнча долбоорлорду каржылоону жана ошондой эле чакан жана орто бизнеске насыяларды берүүнү  көздөгөн 4 млн. АКШ доллары суммасындагы насыялык макулдашууга кол коюшту. Макулдашуулардын алкагында ЕБРРден «Бай Түшүм» Банкына техникалык консультациялык колдоо көрсөтүү белгиленүүдө, бул Европалык Биримдиктин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык Программасы (IFCA) тарабынан бөлүнгөн донордук каражаттын эсебинен каржыланмакчы.

    «Бай Түшүм» Банкы менен Реконструкциялоонун жана Өнүгүүнүн Европалык Банкы эки насыялык макулдашууга кол коюшту. Чакан жана орто бизнести каржылоо боюнча макулдашуу ушул багыттагы, мунун катарында өлкөбүздүн Банктын филиалдары  болгон аймактарында каржылоону кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Кыргызстанда туруктуу энергияны (KyrSEFF+) каржылоо программасы менен экинчи ирет макулдашуу боюнча алынган насыялык каражаттын алкагында энерго жана ресурсту үнөмдөөчү долбоорлорду каржылоо өнүгүүнүн жаңы багытын алмакчы. Бул тазалоочу курулуштарды, суу үнөмдөөчү, энергиянын жаңыланып туруучу булактарын жана таштандыларды утилизациялоочу тармактарды орнотуу боюнча долбоорлор болмокчу. Бул багыт үй чарбасы сыяктуу эле, ишканалардын энергонатыйжалуулугун жогорлатууга  жана  курчап турган айлана-чөйрөнүн сапатынын жакшырышына натыйжалуу түрткү берет»-, деп белгиледи «Бай Түшүм» Банкынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

«Бай Түшүм» Банкы менен Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо Программасынын  (KyrSEFF) кызматташуусунун 4 жылында жалпы суммасы 106,9 млн. сомдон ашуун  энерго жана ресурстук натыйжалуу 190 долбоор каржыланды. Насыяларды алышкан кардарлардын арасында энергонатыйжалуу үйлөрдү курушкан же үйлөрүнө терезелерди орнотушкан, полду жана шыптарды жылуулашкан жеке адамдар сыяктуу эле, ири курулуш компаниялары жана күнөсканаларды орнотушкан айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүүчүлөр да бар. Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо Программасы (KyrSEFF)  кеп-кеңеш берүүчү, финансылык жана гранттык негиздерди өз ичине камтып турат, бул энергонатыйжалуулук жана жаңыланып туруучу энергия булактары боюнча инвестиция салууну каалагандар үчүн эң жакшы түрткү болуп  эсептелээрин белгилей кетүү маанилүү. Бул мезгил аралыгындагы  берилген гранттардын суммасы 18,6 млн. сомдон ашуунду түздү. Гранттар жана кеп-кеңештик колдоолор Европа биримдигинин  Борбордук Азия үчүн Инвестициялык программасы (IFCA) тарабынан бөлүнгөн донордук каражаттын эсебинен каржыланат.

Банктын KyrSEFF менен кызматташуусунун алкагында ишке берилген «Энергосарамжал» продуктусу энергосактоочу терезелерди, мештерди, биомассада же каттуу отунда жогорку КПД газ котелдорун, күн энергиясынан алынуучу суу жылыткычтарды орнотууну, жылуулук насосторун сатып алууну, үйлөрдө жана батирлерде жакшы шарттарды түзүү үчүн үйдүн дубалдарын, чатырларын жана полун жылуулоону каржылоону көздөйт. Мындан тышкары,  ушул продуктун алкагында энергонатыйжалуулукту эске алуу менен өндүрүштүк процесстерди модернизациялоону мелжеп жатышкан ишканалар да каржыланмакчы, т.а. жаңы өндүрүштүк жабдууларды, имараттарды жана курулуштарды, суу тазалоочу жабдууларды ремонттоо же реконструкциялоо, агын сууларды тазалоочу сертификацияланган контейнердик жабдууларды орнотуу, жаандын суусун топтоо менен курула турган сугат тармактарын куруу жана башка ресурс үнөмдөөчү технологияларды ишке берүү каржыланат. Мындан тышкары, бул продуктун алкагында энергонатыйжалуу материалдарды, жабдууларды өндүрүүчүлөрдү жана сатыкка чыгаруучуларды да каржылоо болжолдонууда.