Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн, Бай-Түшүм Банкы BTB 24 мобилдик банкингинин жаңы версиясын жайгаштырды

18.02.2020

Урматтуу кардарлар,

«Бай-Түшүм» Банкы BTB24 мобилдик банкингинин жаңы версиясы пайда болгонун маалымдайт

Кантип жаңыртам?

– жаңыртуу автоматтык түрдө конфигурацияланганда, PlayMarketтен телефонуңузга эскертме келет

– BTB24 мобилдик банкингине киргениңизде жаңыртуу жөнүндө билдирүү пайда болот, бул үчүн PlayMarketтен жаңы нускасын жүктөп (жаңыртуу) керек.

IOS үчүн мобилдик банкингдин “BTB24” жаңыртуусу пландаштырылууда, бул тууралуу кийинчерээк маалымдайбыз.

BTB24 мобилдик банкинг тиркемесинде төмөнкүдөй операцияларды жүргүзүү мүмкүн экендигин эсиңизге салабыз:

Коммуналдык кызматтарды, Интернетти төлөп, телефондун балансын акысыз толуктаңыз

Бардык ачык эсептер боюнча калдыктарды көрүү

Акчанын келип түшкөнүнө көз салыңыз

Өз эсептериңиздин ортосунда которууларды жүргүзүңүз

Насыяларды төлөө боюнча операцияларды жүргүзүү

Бай-Түшүм Банкынын кардарларынын эсептерине которууларды жүргүзүңүз

Карталарыңызды толуктаңыз

Депозиттерди толуктоо

Валюта алмаштыруу

Жоголгон же уурдалган учурда карталарды бөгөттөө жана бөгөттөн чыгаруу

Банк филиалдарынын жана банкоматтардын картасын көрүү

Алмашуу курстарын көзөмөлдөө

Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү иштөөчү Байланыш Борборуна кайрылыңыз:

+996 (312) 905 805

+996 (701) 905 805

+996 (770) 905 805

+996 (554) 905 805

Ошондой эле, мессенджерлер (0777) 905 805 (WhatsApp) (0777) 905 805 (Telegram) аркылуу же банктын baitushum@baitushum.kg корпоративдик почтасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Бизди тандап алганыңыз үчүн чоң рахмат!