«Бай Түшүм» банкы маалымат, маданият жана туризм Министрлигинин маңдайындагы Эмен паркында учтуу жалбырактуу канада клендорун отургузду.

11.05.2017

«Бай Түшүм» банкы өзүнүн «Келечек муундар үчүн камкордук»  программасынын алкагында 1.1. Studio жана  Event менен Sun People Агентствосу тарабынан демилгеленген «Мен – Бишкектикмин» деп аталган жаштардын жаңы кыймылына кошулду.

Бүгүн «Бай Түшүм» банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева жана Башкы менеджердин орун басары Нургүл Төрөбаева банктын кызматкерлери менен биргеликте маалымат, маданият жана туризм Министрлигинин маңдайындагы эмен паркында учтуу жалбырактуу канада клендорун отургузду. Канада клендору Бишкекти жашылдандыруу концепциясына абдан ылайык келет жана парктын аймагынын жалпы көрүнүшүн өзүнүн кооздугу менен толуктады.

«Мындан көп жылдар мурун  биздин сүйүктүү  шаарыбыз Фрунзе 1 адамга туура келүүчү жашыл бактардын саны боюнча Советтер Союзунда биричи орундардын бирин ээлеп туруучу эле. Мезгил өзгөрдү жана аны менен бирге  Бишкектин абалы да абдан өзгөрүп кетти. Тилекке каршы Биздин борборубузда калктын санынын жана курулуштун активдүү өнүгүшү менен жашыл бактардын саны кескин түрдө азайып кетти. Ушуга байланыштуу биздин банк  1.1. Studio жана  Event менен Sun People Агентствосу тарабынан демилгеленген «Мен – Бишкектикмин» деп аталган жаштардын жакшы, жаңы кыймылын колдоону чечти.  Биз шаардыктардын жана борборубуздун меймандарынын сүйүктүү жайы болуп эсептелген Эмен паркын тандап алып, ал жердеги эски бактардын ордуна 4 жылдык, учтуу жалбырактуу канада клендорун отургуздук» – деп белгиледи  «Бай Түшүм» банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

Бардык коммерциялык жана мамлекеттик түзүмдөрдү, ошондой эле борбордун жашоочуларын  «Мен – Бишкектикмин» кыймылына кошулууга чакырабыз жана шаарга көрк бербей калган, өзүнүн турушу менен коркунуч жаратып жаткан  эски бактардын ордуна ар жылы жазында жаңы, жаш көчөттөрдү отургузууга чакырабыз.