“Бай Түшүм” “Фронтиэрс”тен 100 миллион сом насыя алды

21.12.2018

19 декабрда “Бай Түшүм” банкынын башкы кеңсесинде “Фронтиэрс” микронасыялык компаниясы менен официалдуу кездешүү өтүү,100 миллионов сом өлчөмүндө, 5,5 жыл мөөнөтөгү насыя банкка берилди..

 

 

 

Мындай каржылоонун натыйжасында банк кошумча мүмкүнчүлүктөргө ээ болот, тактап айтканда стратегиялык маанидеги долборлорду ишке ашырууга жана жеке тараптарды, чакан жана орто ишкердикти каржылоонун көлөмүн чоңойтот.

Мурунку жылы “Бай Түшүм” банкы негизги көрсөткүчтөр боюнча динамикалуу өнүгүүнү көрсөтүү. Ноябрь айында банк кирешеси 67 миллион сомду түзүп, активдери 6,9 пайызга чоңоюп, 7,63 миллиард сомду түзгөн. Аманаттык топтом 26 пайызга көтөрүлүп, 4 миллиард сомдон ашкан. Бул көрсөткүч боюнча “Бай Түшүм” банкы алдыңкы банктар катарында, бул калктын банкка болгон ишенимин көрсөтүп турат.

Мындан тышкары жакшы көрсөткүчтөр эл аралык инвестициялык фондор менен жалпы $17,5 миллионду түзгөн келишимдер түзүлгөн.

«Фронтиэрс» — Орто-Азиядагы микрофинансы чөйрөсүн өнүктүрүү институту. Компания 2003 жылда ACDI/VOCA америкалык өкмөттүк эмес уюм тарабынан түзүлгөн, ал өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги социалдык-экономикалык өнүгүү менен алектенет. “Фронтиэрс” – компаниясынын негизги багыты насыя каржы уюмдарына насыяларды берип, алардын өнүгүшүнө салым кошуу.

“Бай Түшүм” банкы каржы базарында 2000 жылдан бери. Кыргыз Республикасындагы жалпы активи 7,63 миллиард сомду түзүп жана кардарларынын саны 120 миң кишиге жетип, ири каржы институту боло алды. “Бай Түшүм” банкы аманаттар боюнча банктык системадагы сегиз ири банк катарында, насыялык топтом боюнча тогуздукка, уставдык капитал жана активдери боюнча ондукка кирген. Республика боюнча ири филиалдык тармагы бар, “Бай Түшүм” банкы жеке тараптарга жана компанияларга каржылык кызматтарды көрсөтүп келет.