“Бай Түшүм” сиздин кыялыңыздагы карьерага жол ачат!

06.06.2021

“Банкирлер мектеби” – бул банктагы карьерасын баштоого жана жаңы билим алууга,  “Бай Түшүмдүн” ынтымактуу жамаатынын мүчөсү болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк. ⠀

Сизди эмне күтөт? ⠀

  • бир жума эң мыкты банк практиктеринен интенсивдүү окуу⠀
  • 2 жумалык практика жана кардарлар менен иштөө⠀
  • мектепти бүткөндүгү тууралуу сертификат ⠀
  • андан ары “Бай Түшүм” банкынын филиалдарынын биринде  жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү⠀

Жана мунун баары акысыз! ⠀⠀

Окуу 2021-жылдын 14-июнунан 2-июлуна чейин Ош шаарында өтөт. ⠀⠀

Арыздар 2021-жылдын 12-июнуна чейин кабыл алынат

резюмеңизди “Банкирлер мектеби – Ош” деп жазып, hr@baitushum.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз

“Бай Түшүм” Банкы менен кыялыңыздагы карьераңызды кура баштаңыз!