“Бай Түшүм” жана “Түндүк” Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы сиздин күчүңүздү, убактыңызды үнөмдөйт!

24.06.2021

Кыялдагы келечек келди! ⁣⁣⠀

Эми “Бай Түшүм” банкына документтерди Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу бир гана жаңсоо менен жөнөтүңүз. Эми банктын офисине чуркап убара болбойсуз. Документтерди үйдөн чыкпастан электрондук түрдө жөнөтүүгө болот. ⁣⁣⠀⁣⁣⠀

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын кызматы – бул⠀мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук формада камсыз кылуучу портал. ⁣⁣⠀

Бул портал аркылуу кыймылсыз мүлк тууралуу маалымдама, патенттердин тарыхы, иштеген жеринен маалымкат жана башка көптөгөн кызматтардын электрондук маалыматын алууга болот.⁣⁣⠀⠀

Кызматты колдонуу үчүн сизге жакын жайгашкан калкты тейлөөчү борбордон санариптик кол тамга алышыңыз керек жана⠀Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына катталуу зарыл.⁣⁣⠀⠀

“Бай Түшүм” жана “Түндүк” Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы сиздин күчүңүздү, убактыңызды үнөмдөйт!