Бай-Түшүм Банкы QR аркылуу төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл алуу боюнча акцияны узартты
01.10.2026
«Бай-Түшүм» Банкы юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн атайын акциянын мөөнөтүн узартат. Эми 2026-жылдын 31-декабрына чейин QR аркылуу төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл алып, бизнесиңиз үчүн ыңгайлуу санариптик чечимдерди колдоно аласыз.
Юридикалык жактар үчүн QR-код Интернет-банкингде, ал эми жеке ишкерлер үчүн BTB Business мобилдик тиркемесинде түзүлөт.
Бизнес үчүн артыкчылыктары:
- QR аркылуу төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл алуу;
- түшүүлөрдү жана каржылык операцияларды ыңгайлуу башкаруу;
- бизнести натыйжалуу жүргүзүү үчүн санариптик инструменттер;
- накталай эмес төлөмдөрдү тез жана ыңгайлуу кабыл алуу.
Бизнесиңизди «Бай-Түшүм» Банкы менен бирге өнүктүрүңүз — биз күнүмдүк бизнес процесстерди жөнөкөйлөтүүгө жана ыңгайлуу кылууга жардам берген чечимдерди сунуштайбыз.

