”Бай Түшүм” Банкынын VISA карталарына көз ирмемдеги акча которуулар!

06.08.2015

Урматтуу Кардарлар!

Сиздерге жаңы кызмат көрсөтүү ишке берилгендиги тууралуу кубануу менен билдиребиз–«ANELIK» акча которуулар тармагы боюнча VISA картасына которуулар.

Банк VISA Direct долбоорунун алкагында “Бай Түшүм” Банкынын VISA төлөм карталарын орус рубли, АКШ доллары жана ЕВРО менен «ANELIK» тармагынын бардык пункттарынан толуктоо кызматын   сунуш кылат. Бул тейлөө биздин кардарларга–VISA картасын кармоочуларга дүйнөнүн кайсы гана бурчунда жүргөнүнө карабастан акча каражатын түздөн-түз картага алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бүгүнкү күндө бул—үйдөн чыкпастан туруп, акча которууларды алуунун эң жөнөкөй түрү.

Тейлөөнүн өзгөчөлөнткөн белгиси– которуулардын жөнөкөйлүгү, кайсы гана өлкөдө болбосун карта кармоочулар үчүн жеткиликтүүлүгү жана пайдалуу тариф, жер шарынын кеңири аймагын кучагына алгандыгы менен бирге которуулардын өтө тез жеткирилиши   болуп саналат. Которуулар бар болгону 10-15 мүнөттүн ичинде эле жеткирилет.

Акча которууну жүргүзүү үчүн алуучунун аты-жөнүн жана VISA картасынын номурун билүү зарыл. Кыргыз Республикасынын жашоочулары “Бай Түшүм” Банкынын бардык офистеринен акча жөнөтүп же которулган акчаны ала алышат.

Акча каражаттарынын конвертациясы VISA төлөм тармагынын курсу боюнча жүргүзүлөт.

“Бай Түшүм” Банкынын VISA карталарына которуулар 10-15 мүнөткө жакын убакытты түзөт. Башка банктардын  VISA карталарына  которуунун убактысы 10 мүнөттөн баштап, 2 күнгө чейин.

Тарифтер

Валюта Сумма Кардарлык комиссия
 

RUR

 

 5000 чейин 150 RUR
 10000 чейин 200 RUR
 15000 чейин 250 RUR
15001 баштап 1 %
 

USD

 100 чейин 3 USD
 200 чейин 4 USD
 335 чейин 5 USD
 336 баштап 1,5 %
 

EUR

 100 чейин 3 EUR
250 чейин 5 EUR
251 баштап 2 %