Акция «Visa Business: Төлө да, жеңип ал!»
11.05.2026
Бай Тушум Банк Visa Business карталарынын ээлери үчүн жаңы акцияны баштайт. Акциянын алкагында ишкерлер ай сайын iPhone 17 Pro утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, ал эми баш байге — экөөгө арналган унутулгус Мальдив аралдарына саякат.
Кантип катышса болот
Акцияга катышуу үчүн анын мөөнөтүндө Бай Тушум Банк тарабынан чыгарылган Visa Business картасы менен товарлар жана кызматтар үчүн 500 (беш жүз) сомдон жогору суммада төлөм жүргүзүү керек.
Акцияда Visa Business картасы аркылуу жүргүзүлгөн товарлар жана кызматтар үчүн болгон накталай эмес төлөмдөр гана эсепке алынат. Накталай акча алуу, акча которуулар, QR аркылуу төлөмдөр, картаны жана электрондук капчыктарды толуктоо, ошондой эле жокко чыгарылган жана кайтарылган операциялар эсепке алынбайт.
Канчалык көп сатып алуу жүргүзсөңүз, утуп алуу мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук жогору болот.
Акция үч этапта өтөт
1-этап: 2026-жылдын 11-майынан 10-июнуна чейин
2-этап: 2026-жылдын 11-июнунан 10-июлуна чейин
3-этап: 2026-жылдын 11-июлунан 10-августуна чейин
Ар бир этаптын жыйынтыгы боюнча эң көп суммада сатып алуу жүргүзгөн катышуучу iPhone 17 Pro утуп алат. Ар бир этапта кеминде 20 транзакция болушу шарт.
Баш байге
Акциянын бардык үч этабы боюнча эң көп жалпы суммада сатып алуу жүргүзгөн катышуучу баш байгеге — Мальдив аралдарына экөөгө арналган саякатка ээ болот. Жеңишке талапкер болуу үчүн кеминде 100 транзакция жүргүзүү зарыл.
Акциянын мөөнөтү: 2026-жылдын 11-майынан 10-августуна чейин.
BTB Business мобилдик тиркемесин жүктөп алып, бардык мүмкүнчүлүктөрдөн кабардар болуп туруңуз.
Бай Тушум Банкынын Visa Business картасы менен төлөм жүргүзүп, жеңүүчү болуңуз!

