Акча которууларды алуучулар үчүн уюштурулган «Баалуу белек» акциясы жылдын аягына чейин узартылды!

01.07.2026

«Бай-Түшүм» ААК Банкы Sendy төлөм системасы жана «Мир Привилегий» банкы менен биргеликте «Баалуу белек» акциясынын мөөнөтү 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартылганын жарыялайт.

Кардарлардын жогорку кызыгуусуна жана катышуучулардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу акция улантылып, акча которууларды алуучуларга ай сайын өткөрүлүүчү ойнотмолорго катышып, баалуу белектерди утуп алуу үчүн дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Акцияга кантип катышса болот?

Баары абдан жөнөкөй:

  • Россиядагы жөнөтүүчү «Мир Привилегий» мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргызстанга 25 000 (жыйырма беш миң) орус рублинен кем эмес суммада акча которот.
  • Которууну жөнөтүүдө BTB промокодун же «Бай-Түшүм» Банкынын каалаган бөлүмүнөн же Банктын расмий сайтынан алынган промокодду көрсөтөт.
  • Промокод колдонулган учурда жөнөтүүчү акча которуу үчүн 0,05% арзандатууга ээ болот.
  • Акча которууну алуучу автоматтык түрдө баалуу белектердин ойнотмосуна катышуучу болуп калат.

Кандай белектерди утуп алууга болот?

Акциянын катышуучуларын үйдө жана күнүмдүк турмушта колдонууга ылайыктуу заманбап жана пайдалуу белектер күтөт. Алардын катарында чаң соргуч, мультиварка, кофе кайнаткыч, аэрогриль, кийим буулоочу аппарат, Яндекс Станция акылдуу колонкасы, фен, электр чайнек, үтүк жана кулакчындар бар.

Ар бир катышуучуга кепилденген белек

«Бай-Түшүм» Банкынын бөлүмүнөн акча которууну алган ар бир кардарга фирмалык стилдүү кардхолдер белекке берилет.

Акциянын өткөрүү мөөнөтү

Акция 2026-жылдын 1-мартынан 31-декабрына чейин өткөрүлөт жана төмөнкү этаптардан турат:

  • 2026-жылдын 1-июлунан 15-августуна чейин;
  • 2026-жылдын 16-августунан 30-сентябрына чейин;
  • 2026-жылдын 1-октябрынан 15-ноябрына чейин;
  • 2026-жылдын 16-ноябрынан 31-декабрына чейин.

Ар бир этаптын жыйынтыгы ал аяктагандан кийин 15 жумушчу күндүн ичинде чыгарылат.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси «Бай-Түшүм» Банкынын расмий сайтында жарыяланат. Мындан тышкары, жыйынтыктар жарыялангандан кийин Банктын кызматкерлери жеңүүчүлөргө 5 жумушчу күндүн ичинде телефон аркылуу байланышат.

Утуп алынган белекти Кыргыз Республикасынын аймагындагы «Бай-Түшүм» Банкынын каалаган бөлүмүнөн алып кетүүгө болот.

Акция тууралуу кеңири маалыматты, катышуу эрежелерин жана промокодду төмөнкү жерлерден алууга болот:

  • «Бай-Түшүм» Банкынын бардык бөлүмдөрүнөн;
  • 8899 телефону аркылуу;
  • WhatsApp: +996 990 008 899.

Акча которууларды алып, акцияга катышып, «Бай-Түшүм» Банкы менен бирге баалуу белектерди утуп алыңыз!

Условия_маркетинговой_акции_БайТушумБанк