Эсепти акысыз ачуу акциясы 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартылды
08.07.2026
Урматтуу кардарлар!
«Бай-Түшүм» Банкы юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн «Эсепти акысыз ачуу» акциясын 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартты.
Жаңы кардарлар мурдагыдай эле эсептешүү эсебин комиссиясыз ачып, бизнести ыңгайлуу жүргүзүү үчүн заманбап банктык чечимдерден пайдалана алышат.
Акциянын алкагында сизге төмөнкү мүмкүнчүлүктөр жеткиликтүү:
— эсептешүү эсебин акысыз ачуу;
— каражаттарды башкаруу үчүн ыңгайлуу интернет-банкинг;
— операцияларды каалаган убакта көзөмөлдөө үчүн BTB Business мобилдик тиркемеси;
— эсептик-кассалык тейлөө боюнча пайдалуу тарифтер.
Акция жаңы кардарлар — юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн жарактуу.
«Бай-Түшүм» Банкында эсеп ачып, бизнесиңизди өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу финансылык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланыңыз!

