Бизнес үчүн акция: QR аркылуу төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл алыңыз

01.07.2026

Банк «Бай-Тушум» юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн атайын акцияны баштады.

2026-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейин QR аркылуу төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл алып, бизнесиңиз үчүн заманбап чечимдерди колдонуңуз.

Юридикалык жактар үчүн QR Интернет-банкингде, ал эми жеке ишкерлер үчүн BTB Business мобилдик тиркемесинде түзүлөт.

Бул эмне үчүн пайдалуу:

  • QR аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу — кошумча чыгымдарсыз;
  • түшүүлөрдү жана отчеттуулукту бир сервистен ыңгайлуу башкаруу;
  • бизнесиңизди өнүктүрүүгө көбүрөөк убакыт бөлүңүз, ал эми санариптик инфраструктураны биз камсыздайбыз.

Бизнесиңизди Банк «Бай-Тушум» менен бирге өнүктүрүңүз!