“Бай Түшүм” банкынын “Банкир мектебинин” катышуучусу – Айдар Таласбаев

24.01.2019

Банкир мектебинин катышуучусу Айдар Таласбаев Эл Аралык университетте окуйт жана ошол жактан биздин окуу долбору жөнүндө билген. Ал үчүн банкир мектеби өтө керектүү маалыматтарды берип жана кызыктырган. Банкка кызыккан ар бир киши бул мүмкүнчүлүктү өткөрбөшү керектигин Айдар айтат. Бул үчүн кийинки агымды өткөрбөй, убактылуу резюмени тапшыруу керек.

Ал эми банкир мектебинин Бишкекте өткөн үчүнчү агымы жыйынтыкталды. Мектепти бүткөн 27 бүтүрүчүнү биздин Ат-Башы, Кочкор, Чолпон-Ата, Балыкчы, Кызыл-Адырдагы кеңселерибизден стажировка күтөт. Көбүнчөсү тажрыйбаны Бишкектен алат.

Жаш биздин кесиптештерибизге кесиптик ийгилик жана өсүүнү каалайбыз!