«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы ACDI/VOCAнын 50 жылдык юбилейине катышты

24.06.2013

 18-июнда ACDI/VOCA дүйнөнүн 146 өлкөсүндө ийгиликтүү иштөөсүнүн 50 жылдык юбилейин майрамдады. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча ACDI/VOCAнын жүздөгөн өнөктөштөрү, эксперттери жана волонтерлору ушул маанилүү окуяны белгилөө жана ийгиликтүү кызматташуунун жыйынтыктарын белгилөө үчүн Вашингтондо чогулушту.

«ACDI/VOCA америкалык НПО тарабынан жүргүзүлгөн, «Food for Progress» монетизациялоо программасынын чегинде эл аралык долбоор катары 1997-жылы өзүнүн иш-аракеттерин баштоо менен микрокредиттер рыногунда Жабык акционердик коом «Бай – Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы 2000-жылдан тартып иштеп келе жатат. Ушул мезгилдин ичинде Микрокредиттик Агентстводон «Жабык акционердик коом «Бай – Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкына чейинки трансформациялоо жолун басып өттү.«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкын гана эмес, Казахстандагы, Тажикстандагы, Азербайжандагы жана Афганистандагы баардык туунду микрофинансы уюмдарды да ийгиликке алып келген эң башкы фактор – бул ушунча жылдардан бери ACDI/VOCA тарабынан көрсөтүлгөн кызматташтык жана колдоосу деп белгилеп кетким келет” – деп белгиледи өзүнүн куттуктоо сөзүндө «Бай Түшүм жана Партнерлор» Банкыныны Башкы менеджери Гульнара Шамшиева.

Расмий ачылыш аземи жана өнөктөштөрдүн куттуктоолору менен видеону Сиздер http://youtu.be/kdq1bH4qMLk ушул жерден көрө аласыздар.

www.acdivoca.org сайтынан Сиздер юбилейден тартылган сүрөттөрдү жана материалдарды, ошондой эле ACDI/VOCAнын тарыхы, иш-аракеттери жана өнөктөштөрү жөнүндөгү маалыматты таба аласыз.

Маалымат үчүн:

ACDI/VOCA коммерциялык эмес, жеке уюм болуп саналат, ал кеңири экономикалык өсүүгө, төмөн кирешелери менен болгон жана демократия менен өнүгүп жаткан өлкөлөрдө жашоо-турмуш деңгээлин жогорулатууга көмөктөшөт. ACDI/VOCAнын иш-аракеттери кеңири тармактарды: азык-түлүктүн коопсуздугу жана жакырчылык менен күрөшүү боюнча маселелерден тартып, финансылык кызматтарга жана рыноктук интеграцияларга жетүүгө чейинки маселелерди камтыйт.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы жөнүндө

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы ACDI/VOCA өнүгүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 13 жылдан бери иштеген уюм, 112 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен болгон Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык институттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.